Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

Өкмөт башчы Марипов ишкерлер менен тыгыз кызматташууга убада берди


Өкмөт башчы Улукбек Марипов (ортодо) ишкерлер менен жолугушууда. 21-февраль, 2021-жыл.
Өкмөт башчы Улукбек Марипов (ортодо) ишкерлер менен жолугушууда. 21-февраль, 2021-жыл.

Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов 21-февралда өлкөдөгү ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен баарлашып, алар менен тыгыз кызматташууга даяр экенин айтты.

Жолугушуунун негизги максаты - экономиканы жандандырууда демилгелерди жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулоо болду. Жекшембидеги жолугушуу эркин микрофон форматында өттү. Анда ишкерлер идеяларын жана көйгөйлөрүн ортого салууга ыңгайлуу шарт түзүлдү.


Өкмөттүк басма сөз кызматы кабарлагандай, Улукбек Марипов мындай жолугушуулар өкмөт менен ишкер чөйрөнүн пикир алышуусун күчөтөрүн белгилеп, баарлашууну мындан ары дагы улантууну сунуштады.

«Бул жердеги ишкерлердин ар бири өлкөбүздүн өнүгүүсүнө олуттуу салымын кошкон. Узак убакыт бою бизнеске тийиштүү көңүл бурулган жок. Бирок, бул мамилени өзгөртүүгө, мамлекеттик-жеке диалогдун жаңы үлгүлөрүндө иштөөгө убакыт келип жетти. Бизнес үчүн мен 24 саат бою байланыштамын", - деди Марипов.

Өкмөт башчы кыргыз бийлиги ишкер чөйрөдөгү ачык-айкындыкты камсыздоого даяр экенин билдирип, ал үчүн түрдүү демилгелерге, ишкерлерге инвестиция тартууга дем берүүгө, инновациялык стартаптарды колдоого, мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөрдү кыскартуу, укук коргоо жана фискалдык органдар тарабынан бизнеске кысым көрсөтүү фактыларын толугу менен жоюуга даярдыгын эскертти.


Ал эми ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү өздөрүн түйшөлтүп келген көйгөйлөрдү ортого салышты. Алар ишкердик үчүн жагымдуу шарт түзүү боюнча сунуштарын айтышты.

Премьер-министр Марипов 20-февраль күнү өлкөдө курулуш тармагында иштеген ишкерлер менен жолугушуп, алардын да көйгөйлөрүн жана сунуштарын уккан.

Марипов жетектеген жаңы өкмөттүн түзүмү 3-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ант берип, кызматка киришкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG