Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Финпол депутат Кубанычбек Жумалиевдин жакындарын кармады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев менен анын жакындарына карата сотко чейинки териштирүү башталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) басма сөз борбору маалымдады.

Мекеме кабарлагандай, Финансы полициясына германиялык инвестордун ири суммадагы акчага байланыштуу алдамчылык фактысы тууралуу арызы келип түшкөнү себеп болгон.

Арызда депутат менен анын туугандары чет элдик инвестордун ишенимине кирип 1 миллион АКШ долларына бааланган жабдууну алып, 200 миң долларын эле төлөп берип, калган 800 миң долларды бербей койгону жазылган.

Финполдун маалыматына караганда буга чейин германиялык «Б.Ф.» аттуу жаран менен Жумалиевдин жакын тууганы ээлик кылган «А.Ю.К» жоопкерчилиги чектелген коому жалпы суммасы 1 миллион АКШ доллары турган минералдык суу куюучу жабдууну депутат Жумалиев жакынына каттатып койгон «С.К» жоопкерчилиги чектелген коомуна алып келчү келишимге кол коюшкан.

28-январда «А.Ю.К» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору менен 29-январда «С.К.» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси чет элдик жаранга ири өлчөмдө материалдык зыян келтирди деген айып менен кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу изоляторуна жеткирилди.

Ишке тиешеси бар фактылардын жана документтердин жоголуп кетишинин алдын алыш үчүн Финполиция Жумалиевдерге таандык кеңселерди, жогорку окуу жайын жана фирмаларды тинтүүгө алды. Азыркы тапта тергөө уланууда.

Айрым булактар кармалган эки жаран тең депутат Жумалиевдин жакындары экенин жазып жатышат.

4-ноябрда Финпол Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин «Таатан», «Гоин» соода борборлорунда жана ага таандык менчик жогорку окуу жайында тинтүү жүргүзгөн. Тинтүү жөнүндө толук маалымат берилген эмес.

Кубанычбек Жумалиев 1998-2004-жылдар аралыгында транспорт жана байланыш министри, премьер-министр болуп иштеген. 2015-жылы «Бир Бол» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болгон. (BCh)

XS
SM
MD
LG