Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

Садыр Жапаровдун алгачкы беш жарлыгы чыкты


Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-январда алгачкы беш жарлыгына кол койду. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, биринчи жарлык элдин руханий өнүгүүсү жана дене тарбиясы тууралуу.

Кийинки жарлыктар кадр саясатына, ишкерлердин менчигин жана инвесторлорду коргоого, миграциялык абалды жакшыртууга жана тоо-кен тармагын реформалоого багытталган.

Кыргызстанда 2020-жылдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийин бийлик чукул алмашкан. 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, ага 17 талапкер катышкан. Добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% келген. Шайлоону 79,20% добуш менен жеңген Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда өткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG