Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Пентагон талибдердин убадасын эске салды


Пентагондун имараты.
Пентагондун имараты.

АКШнын Коргоо министрлиги «Талибан» Ооганстанга тынчтык орнотуу келишиминдеги милдеттенмелерин аткарбай, «Аль-Каида» менен алака-катышын үзбөй жатканын эскертти.

Мунун алдында Вашингтон Дональд Трамп президент болуп турган кезинде кол коюлган бул келишим кайра каралып чыгышы мүмкүн экенин маалымдаган.

Кабул менен талибдер 19 жылга чукулдаган согуштуу токтотуш үчүн былтыр сентябрдан бери Катарда көзмө-көз сүйлөшүп жатат, бирок андан азырынча майнап чыга элек.

Пентагондун басма сөз өкүлү Жон Кирби 28-январда журналисттерге Кошмо Штаттар тынчтык келишиминин ишке ашырылышын каалай турганын айтты. Ал «Талибан» кыймылы документтеги милдеттенмелерин аткарбаса согушту токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөр кыйындай турганын эскертти:

«Алар милдеттенмелерин аткарбаса, бул сүйлөшүүлөрдө кимдир-бирөөлөргө кыйын болот. Алар террорчулуктан баш тартуу, ооган коопсуздук күчтөрүнө, аны менен катар ооган элине каршы зордук-зомбулуктан баш тартуу тууралуу милдеттенмелерин аткарбаса кырдаалды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салуу кыйын болот».

Былтыр февраль айында АКШ менен талибдер кол койгон келишимге ылайык, бардык чет элдик аскерлер Ооганстандан быйыл май айына чейин чыгарылышы керек эле. Мунун ордуна талибдер атышууну биротоло токтотуп, «Аль-Каида» менен байланыштарды үзүүгө милдеттенме алышкан.

Келишимдин дагы бир шартына ылайык, былтыр сентябрда Катарда ооган өкмөтү менен «Талибан» көзмө-көз сүйлөшүү баштаган, бирок ал илгерилей элек.

Жон Кирби «Ислам мамлекети» жана «Аль-Каида» террордук уюмдарына каршы миссияны аткарууда Ооганстандагы 2,5 миң америкалык жоокер жетиштүү болорун белгиледи. Бирок ал быйыл май айына чейин аскерлердин баары чыгарылып кетеби же жокпу, аны тактаган жок.

«Коргоо министри да, президент Жо Байден да согушту токтотуш керек экенин так айтышты. Бирок биз буга жоопкерчилик менен мамиле кылабыз. Биз муну өзүбүздүн улуттук коопсуздук кызыкчылыгыбыздан улам жана ооган өнөктөштөрүбүзгө ылайык ишке ашырууну каалайбыз».

Өткөн аптада АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жаңы кеңешчиси Жейк Салливан Вашингтон менен талибдердин тынчтык келишими кайра каралып чыгышы ыктымал экенин айткан. Анда ал Вашингтон атышууну токтотуу жана ооган өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жаатында талибдер өз милдеттенмелерин канчалык аткарып жатканын текшерерин билдирген.

Расмий Кабул Байдендин администрациясынын мындай билдирүүсүн кубаттаган.

Ушул жуманын башында ооган өкмөтү талибдерди «Катардагы сүйлөшүүнү бузуп жатат» деп айыптаган. Кабулдун тынчтык сүйлөшүүлөргө катышып жаткан өкүлү Надер Надери «Твиттердеги» баракчасына: «Биздин эл жана өкмөт баарынан мурда тынчтыкты жана зомбулукту токтотууну көздөйт», деп жазган.

«Талибан» кыймылы бул сөздөрдү төгүндөп, эки тарап бири-бири менен байланышта экенин билдирген.

Тараптар согушту токтотуш үчүн сүйлөшүү баштаганы менен Ооганстанда куралдуу кагылыш, кол салуу, чабуул тыйылган жок.

Бул өлкөдө кийинки айларда мамлекеттик кызматкерлерди, журналисттерди, дин ишмерлерин, саясатчыларды жана укук коргоочуларды бутага алып, кол салган учурлар көбөйдү.

XS
SM
MD
LG