Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:57

"Калашников" мурунку союздук өлкөлөргө курал сатууну көбөйтөт


АК-74 автоматынын көргөзмөсүндөгү мектеп окуучулары. Орусия (архивдик сүрөт).
АК-74 автоматынын көргөзмөсүндөгү мектеп окуучулары. Орусия (архивдик сүрөт).

"Калашников" концерни мурдагы союздун өлкөлөрүнө жаңы автоматтарды сатат. Концерндин жетекчиси Дмитрий Тарасов бул өлкөлөр жаңыртылган автоматтарды сатып алууга кызыкдар экенин айтты. Ал Бириккен Араб Эмираттарында өткөн курал-жарак көргөзмөсүндө журналисттерге:

"Аларда союздан калган курал-жарактар бар. Бирок алардын баары эскирди. Ошондуктан, ал өлкөлөрдүн армиясын жаңы куралдар менен жабдуу зарылчылыгы бар", деп билдирди.

Тарасовдун сөзүнө караганда учурда АК-12 үлгүсүндөгү автомат сатып алууга кызыкдарлыгын Армения, Беларус жана Казакстан билдиришкен.

Былтыр жайында Арменияда АК-103 үлгүсүндөгү автомат чогултула башталганы кабарланган.

"Калашников" концерни көзгө атарлардан тартып, автомат, замбирекке чейинки аскердик курал-жарактарды өндүрөт. Мындан тышкары концерн мергенчилик, спорттук винтовкаларды, мотоциклдерди да сатат.

XS
SM
MD
LG