Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

АКШ фашисттик концлагердин күзөтчүсүн Германияга өткөрүп берди


Освенцим концлагерин курчай тартылган тикен зым. Иллюстрациялык сүрөт.
Освенцим концлагерин курчай тартылган тикен зым. Иллюстрациялык сүрөт.

95 жаштагы Фридрих Карл Бергер Экинчи дүйнөлүк согушта нацисттик концлагерде күзөтчү болуп иштеген. АКШнын Юстиция министрлиги кабарлагандай, мурдагы күзөтчү Америкада 60 жылдан ашуун жашаган.

Юстиция министринин милдетин аткаруучу Монти Уилкинсон:

"Бергердин депортацияланышы - АКШ адамзатка каршы кылмыш кылгандарды калкалоочу жай эместигинин далили", деп билдирди.

Бергерди депортациялоо чечимин ал жашаган Теннеси штатынын соту былтыр чыгарган. Соттук териштирүү Германиянын түндүгүндөгү Целле шаарынын прокуратурасы Бергердин Гамбургдан алыс эмес жердеги Нойенгамме лагеринде 1945-жылкы адам өлтүрүүлөргө тиешесин карай баштагандан кийин жүргүзүлгөн.

Ошол эле мезгилде былтыр декабрь айында Германиянын өзүндө Бергерге каршы кылмыш иши жабылган. Ал Голландия менен чектеш аймактагы Меппен лагеринде бир нече жума иштегенин, бирок киши өлтүрүүгө жана башка ырайымсыздыктарга күбө болбогонун билдирген. Целленин прокуратурасы анын көрсөтмөсүн талаша алган эмес.

АКШнын соту мурдараак Бергер иштеген концлагердеги адамдар өтө оор шартта кармалып, кыймылдабай калганча иштетилгенин аныктаган.

Немис бийлиги Бергер түшкөн учак 20-февралда Франкфурт-на-Майне шаарынын аэропортуна конгонун, мурдагы күзөтчүгө карата эч кандай кылмыш иши жоктугун маалымдады. Бирок ошентсе да ал прокуратурада сурак берери күтүлүүдө.

"Reuters" мурдараак кабарлагандай, буга чейин прокуратура 100 жаштагы адамды Заксенхаузен концлагеринде күзөтчү болуп иштеп турганда 3,5 миңдей адамды өлтүрүүгө катышкан деп айыптаган.

Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда башталып, 1945-жылдын 2-сентябрында аяктаган. Согушта 60 миллиондон ашуун адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG