Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Бишкекте коррупцияга каршы тынч жүрүш болду


Коррупцияга каршы тынч жүрүш. 14-февраль, 2021-жыл.
Коррупцияга каршы тынч жүрүш. 14-февраль, 2021-жыл.

“Баштан башта” кыймылы жана башка бир катар жарандык активисттердин ар жекшемби сайын өтүп келе жаткан тынч жүрүшү бүгүн, 21-февралда да уланды. Анда активисттер коррупцияга каршы, мыйзамдуулукка жана чек ара бүтүндүгүн сактоого чакырган ураандар менен чыгышты.

Жүрүш темир жол бекетинин алдында башталып, борбордук аянтка чейин уланды.

“Баштан башта” кыймылынын өкүлү Улан Үсөйүндүн “Азаттыкка” билдиргени боюнча, жүрүштү жарандык коом уюштурууда.

"Баштан башта" кыймылы демилге кылган тынчтык марштары 2020-жылдын ноябрынан бери ар жекшемби сайын уюштурулуп келе жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG