Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Башкы штаб жоокер Руслан Сапарбаевдин колуна протез сатып берет


Руслан Сапарбаев ооруканада жаткан учурда. Бишкек. 21-август, 2018-жыл.
Руслан Сапарбаев ооруканада жаткан учурда. Бишкек. 21-август, 2018-жыл.

Башкы штаб жоокер Руслан Сапарбаевдин колуна протез сатып берет.

Мындай чечимди Жогорку сот аскердик кызмат өтөп жүрүп, эки колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаевдин иши боюнча арыздын негизинде 17-февралда чыгарды.

Жоокердин кызыкчылыгын коргогон өкмөттүк эмес «Кылым шамы» уюмунун юристи Агзам Душеналиев «Азаттыкка» билдиргенине караганда Жогорку сот арызды жарым-жартылай канааттандырды:

“Так айтканда , бионикалык (роботтоштурулган) протез үчүн 840 миң сом жана моралдык зыян үчүн 50 миң сом төлөнсүн деп чечти. Мындан тышкары Сапарбаевдин эмгекке жарамсыздыгынан улам 2,5 млн. сомдук акча төлөп берсин деген талабыбыз боюнча кайрадан кароого жиберди”.

Буга чейинки сот бутактары Сапарбаевдин эмгекке жарамсыздыгынан улам 2,5 млн. сомдук акча төлөнбөйт деген чечим чыгарышкан.

Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүгүндө токко урунуп, эки колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаев Башкы штабды сотко берип, 5,2 млн. сом төлөп берүүнү талап кылган. Анын ичинен 1 млн. сом моралдык зыян үчүн, 4,2 млн. сом жоокердин колунун ордуна салынуучу протез сатып алуу максатында суралган.

Руслан Сапарбаевдин кырсыкка кабылышы боюнча соттук териштирүү мурда да болгон. Анда аскердик бөлүктүн «Шалаакылык» беренеси менен айыпталган эки офицери үч жылга шарттуу кесилген.

Сот чечиминин негизинде Башкы штаб Руслан Сапарбаевге бир жолку камсыздандыруу каражатын төлөп берүүгө милдеттендирилген. Башкы штаб ошондой эле жоокердин колуна протез сатып берүүгө убада берген.

«Кылым шамы» уюмунун маалыматы боюнча, мурда протез үчүн берилген акчага жоокердин апасы жашай турган жери жок болгондуктан, үй сатып алган. Башкы штаб сотто жоокерге протезге акча төлөнүп берилгенин билдирүүдө.

Руслан Сапарбаев 2018-жылдын 8-августунда армиядагы нөөмөт учурунда токко урунган. Дарыгерлер ага эки жолу операция жасап, эки колун тең чыканагына чейин ампутация кылышкан.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка аскер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип, трансформаторго колун салып алганын билдирген.

Кыргызстандын аскер бөлүктөрүндө жоокерлердин өлүмү жана кырсыкка кабылган учурлар көп катталат.

2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. 2018-жылы 17 аскер кызматкери өз жанын кыйганы кабарланган.

Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, өз жүйөлөрүн жана далилдерин келтиришкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG