Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:35

COVID-19 кабарлары: Мексика Кытай менен Орусиянын вакциналарын алууда


783 505 румыниялык тургун 2021-жылдын 20-февралына карата коронавируска каршы эмделди.
783 505 румыниялык тургун 2021-жылдын 20-февралына карата коронавируска каршы эмделди.

АКШнын эмдөө программасы кышкы бороон-чапкындын кесепетинен улам жайлап, Австралия менен Жаңы Зеландиянын калктары эмдөөдөн өткөрүлө баштаган чакта, Мексика жакынкы күндөрү Кытайдан жана Орусиядан жөнөтүлгөн вакциналардын биринчи партиясын колго тийгизүүдө.

Мария Ирене Рамирес айым "Pfizer/BioNtech" вакцинасы менен эмделип жатат. Мехико шаары, Мексика. 2020-жылдын 24-декабры.
Мария Ирене Рамирес айым "Pfizer/BioNtech" вакцинасы менен эмделип жатат. Мехико шаары, Мексика. 2020-жылдын 24-декабры.

COVID-19 пандемиясынан жапа чегип жаткан Мексика 20-февралда кытайлык “КоронаВак” вакцинасынын алгачкы партиясын алат жана 22-февралга чейин орусиялык “Sputnik V” вакцинасынын алгачкы тобун кабыл алат.

Бул тууралуу Мексиканын саламаттыкты сактоо министринин орун басары жума күнкү маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, алгачкы дозалар Мехико шаарындагы жана анын чет жакасындагы жакырлар байырлаган конуштарда колдонулат.


Вашингтондогу Ак Үй 19-февралда билдиргендей, ушул аптанын башында Америка Кошмо Штаттарын каптаган кышкы бороон-чапкын даярдалган вакцинанын 6 миллион дозасын жалпы өлкө боюнча жеткирүү иштерин солгундатты.

COVID-19 боюнча Ак Үйдүн жогорку кеңешчиси Энди Славиттин айтымында, эми вакциналар дарегине жетээр замат өлкөдөгү тиешелүү жамааттардагы эмдөө борборлорунда иштеген кызматкерлер калайыкты тейлөө үчүн кошумча убакытта иштөөгө аргасыз болушат.

Жаңы Зеландия бийлиги калайыкты Pfizer-BioNTech компаниясынын COVID-19 вакцинасы менен 20-февралдан тартып жапырт эмдей баштады.

Ал эми Австралия 22-февралда эмдөө иштерин баштоого беленденүүдө. Жаңы Зеландия менен Австралияда COVID-19 оорусунан жабыркагандардын жана өлүмгө кириптер болгондордун сандык көрсөткүчү салыштырмалуу кыйла төмөн.

Израил өз аймагында эмгектенип жаткан 100 миңдей палестиналыкты коронавируска каршы эмдемекчи. Бул тууралуу макулдашууга кол коюлгандыгын Палестина автономиясынын бийликтери маалымдашты. Эмдөө көрсөткүчү боюнча Израил алдыңкы сапта турат.

Гана өлкөсү Орусия өндүргөн "Спутник V" вакцинасын жактырган дүйнөдөгү 31-мамлекет болуп калды. Бул тууралуу аталган вакцинанын өндүрүүчүлөрү маалымдашты.

Ирландия жай мезгилине чейин ресторандар менен конок үйлөрүн ачпай тургандыгы маалымдалды.

Дүйнөлүк Соода Уюмунун жаңы жетекчиси Нгози Оконжо-Ивеала айым Улуу Британиянын бийликтерин жакыр өлкөлөргө вакцинаны бекер таркатуу боюнча программаны мөөнөтүнөн маалкатпастан аткарууга чакырды.

Ишембидеги маалыматка караганда, дүйнө жүзүндө 111 миллиондон ашуун киши коронавируска чалдыкты, алардын 86 миллиондон ашууну айыгып чыкты, 2,4 миллиондон ашуун киши каза болду. (TT)

XS
SM
MD
LG