Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Ухандагы иликтөө: Коронавирус жаныбардан тараган


Дүйнөнү тооруган коронавирус Кытайдагы лабораториядан тараган эмес. Мындай жыйынтыкка Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери баштаган топ Ухань шаарында иликтөө жүргүзгөндөн кийин келди. Адистер вирус адам баласына жаныбардан жуккан деп эсептешет.

9-февралда Уханда өткөн пресс-конференцияда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперти Питер Бен Эмбарек лабораториядагы кокустук деген гипотеза менен вирустун калкка жугушун түшүндүрүү мүмкүн эмес деп билдирди.

Эмбарктын айтымында, топтун колундагы алдын ала маалыматтарга караганда, вирустун кайсы бир тирүү организм аркылуу жайылуу ыктымалдыгы жогору. Муну кошумча иликтеп, жакшылап изилдөө керек.

Эл аралык эксперттерден куралган миссия 2019-жылдын декабрында коронавирустун жаңы түрү биринчи болуп катталган Ухань шаарында бир айга чукул иш алып барды. Адистер вирустун кандай жолдор менен, кайсы жерден, кантип тараганын билүү максаты менен Кытайга жөнөгөн.

Бээжин көз каранды эмес иликтөөгө көпкө чейин макул болбой, акырында көнгөн.

Кытай бийлиги былтыр 31-декабрда «белгисиз этиологиядагы вирустук пневмониянын» 27 учуру тууралуу кабарлаган. Вирус жайыла баштаганда Ухандагы жаныбарлар базары жабылган. Анткени вирус дал ошол жакта сатылган жарганаттардан тараган деген шек пайда болгон.

Башында Кытай окумуштуулары коронавирус жарганаттардан башка жаныбарларга «жабышып», андан адамга жукса керек деп божомолдоп жатышкан. Конспирология теорияларына карабай, көпчүлүк илимпоздор жаңы вирус жасалма жол менен чыкпаганын айтышат, бирок ал кантип адамга жукканы - мал-жандык саткан базарданбы же Ухандагы вирус изилдөө лабораториясынанбы – мунун баары белгисиз болуп, көптөгөн талаш-тартышка жем таштаган.

Эми болсо эл аралык адистер вирус башка жерден чыккан, эпидемия базардан күчөп кеткен болушу мүмкүн деген ойго ыкташканын айтышат. Ошол эле маалда жарганаттардан адамдарга кайсы түр аркылуу жукканы да белгисиз болууда.

Кытайдын Саламаттык сактоо комиссиясын жетектеген Лян Ваньянь COVID-19дун коронавирусу Уханда 2019-жылдын декабрына чейин бар болчу деген далилдердин табылбаганын ошол эле маалымат жыйында билдирди.

Эмбарек белгилегендей, вирусту Уханга саякатчылар алып келген же Кытайдын башка аймактарынан, балким чет өлкөлөрдөн ташылган тоңдурулган эт продукциясы аркылуу тараган болушу мүмкүн. Адис мындан аркы иликтөө Кытайга гана эмес, азиялык башка өлкөлөргө, башка чөлкөмдөргө көңүл бурушу керек деп эсептейт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери 14 күндүк карантинден кийин пандемиянын булагы делген бир катар жайларга, анын ичинде жапайы жандык базарына барып кетишти. Алар Ухандагы Вирусология институтунда да болушту. Илимий мекеменин окумуштуулары дүйнөдөгү эң кооптуу илдеттердин, COVID-19га алып келген коронавируска окшогон вирустарды изилдешет.

Далилдер болбосо да, жаңы коронавирус ошол лабораториядан тараган болушу мүмкүн деген божомолдор өзгөчө пандемиянын башында көпкө чейин айтылып келди. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп жана тарапташтары вирусту атайлап жайылтышкан деген кутум теориясын карманып, Бээжиндин нааразылыгына карабай америкалык лидер илдетти “Ухань” же “Кытай вирусу” деп аягы чейин атап жүрдү.

XS
SM
MD
LG