Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 07:07

Былтыр өлүм-житим көп болду


Коронавирустан көз жумган маркумду жерге берүү учуру. Иран. 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, 2020-жылы Кыргызстанда 40 миңден ашык адам жашоо менен кош айтышкан. Байкоочулар мындай көрсөткүч акыркы он жыл аралыгында катталбаганын белгилешүүдө.

COVID-19 вирусунун кесепети

2020-жылы Кыргызстанда 40 001 адам көз жумган. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 6 684 адамга көп. 2019-жылы түрдүү себептер менен 33 317 адам көз жумган. 2018-жылы дүйнөдөн кайткан кыргызстандыктардын саны 33 миңден ашкан эмес. Мындай маалыматтар Мамлекеттик каттоо кызматынын сайтына жарыяланды.

Айрым эксперттердин баамында, адам өлүмүнүн көп болушуна коронавирус пандемиясы, ыштын таасири жана өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын алсыздыгы себеп болушу мүмкүн.

Коронавируска каршы республикалык штабдын 1-январга карата берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда былтыр пандемиядан көз жумгандардын расмий саны - 1356 адам. Бирок коронавирус пандемиясы учурундагы жоготууларды жана гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүүсүн иликтеген мекеме аралык комиссия өткөн аптада корутундусун чыгарып, илдеттен көз жумган адамдардын саны расмий көрсөткүчтөн эселеп көп экенин маалымдады.

Аталган комиссиянын жетекчиси, вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева 2020-жылы коронавирустан улам жашоо менен кош айтышкан кыргызстандыктардын чыныгы саны расмий көрсөткүчтөн үч эсе көптүгүн “Азаттыкка” билдирген:

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

«Коронавирустан каза болгон адамдардын жалпы саны азыр 1390 деп берилип жатпайбы. Чындыгында бул көрсөткүч 4 миңден ашык экенин аныктадык», - деген ал.

Мекеме аралык комиссия коронавирустан болгон жоготууларды иликтеген учурда адам өлүмүнүн себептерин да текшерген. Аталган комиссиянын мүчөсү, саламаттык сактоо тармагы боюнча эксперт Элден Калчакеевдин пикиринде, 2020-жылы Кыргызстанда адам өлүмү арбын болушуна коронавирустун чоң таасири бар:

“Биздин комиссия акыркы 5-6 жылдагы адам өлүмүнүн көрсөткүчтөрүн, себептерин да иликтедик. Белгилүү болгондой, 2020-жылга чейин өлүмдүн статистикасы дээрлик бир калыпта болгон. Бирок былтыр 40 миңден ашкан. Демек, коронавирустун чоң таасири бар”.

Калчакеев коронавирустан көз жумгандардын саны тууралуу расмий берилип келген маалыматтар башында адам өлүмүнө COVID-19 вирусу себеп болгону аныкталгандан кийин гана эсептеле баштаганын белгиледи. Анын айтуусунда, башында айрым адамдар вирус жуктуруп алганын билген эмес, өздөрүндөгү өнөкөт оорусу күч алып, ошонун кесепетинен гана көз жумду деп эсептелип кала берген:

“Мисалы, айрым кант диабети, өпкө, боор же башка өнөкөт оорусу бар адамдарга вирус жугуп, оорусун козгогон же күчөтүп жиберген. Алар ооруканага ошол оорусу менен жатып, дарыланган же айыга албай, жашоо менен кош айтышып кете беришкен. Ошондуктан, мен былтыр адам өлүмүнүн көп болушуна коронавирус таасир этти деп ойлойм”.

Мекемелер аралык комиссиянын корутундусунан алынган сүрөт. 22-январь, 2021-жыл.
Мекемелер аралык комиссиянын корутундусунан алынган сүрөт. 22-январь, 2021-жыл.


Мекеме аралык комиссиянын иликтөөсүндө былтыр коронавирустан башка илдеттер менен ооруп көз жумгандар көбөйгөн. Мисалы, 2019-жылы кан тамыр илдеттеринен жабыркаган бейтаптардын ичинен 12 721 адам каза болсо, бул сан 2020-жылы 14 570 адамга жеткен.​

Системаны өзгөртмөйүнчө адам өлүмү азайбайт

Ошентсе да айрым эксперттер Кыргызстанда адам өлүмүнүн көп болушуна коронавирус гана эмес, жалпы саламаттык сактоо тармагынын алсыздыгын себеп кылып келишет.

“Психикалык саламаттык” деп аталган коомдук уюмдун жетекчиси Бурул Макенбаева тармакты реформалап, ошол эле учурда жалпы башкаруу системасын өзгөртмөйүнчө, оорудан көз жумгандардын саны азайбайт деген пикирде:

“Алты миллион адамы бар чакан Кыргызстан үчүн жыл сайын 35 миңдин тегерегинде адам өлүмү чоң көрсөткүч. Адамдар дарылап, айыктыра турган оорулардан көз жумуп атышат. Буга эң ириде система күнөөлүү. Бизде борборлоштурулган система, бюджеттин баары борбордо. Бюджеттин 12% гана жергиликтүү өкмөттө калат. Бул деген аймактарда, жергиликтүү өкмөттө эч нерсе жок деген менен барабар. Алардын өздөрүнүн эпидемиологиялык фонду болушу керек. Бизде андай жок. Кандай гана кырсык болбосун, эч нерсе кыла албай, алакан жайып отуруп беришет. Бизде аңтарылган пирамида системасы иштеп жатат. Системаны оңдомоюнча, жашоо көрсөткүчтөрү оңолбойт”.

Кыргызстандын коронавируска каршы республикалык ыкчам штабынын бүгүнкү, 24-январдагы маалыматына караганда, акыркы суткада илдеттен эки киши каза болду. Жалпысынан көз жумгандардын саны 1400 адамга жетти.

24-январга карата вирус дагы 104 адамдан табылды. Ушуну менен былтыркы жылдын март айынан бери оору жуккандардын жалпы саны 83 900 кишиге жетти, 79 927 адам айыгып чыкты.

Илимпоз, Кыргыз улуттук университетинин профессору Сайнаке Бообекова жаратылыштын булганышын адам өмүрүн кыскарткан, саламаттыкка олуттуу зыян келтирген фактор катары эсептейт. Окумуштуу "Азаттыкка" маек куруп, өзгөчө, соңку жылдардагы ыш көйгөйү жашоочулардын организмин уулап жатканын, автоунаалардын түтүнүнө байланышкан кырдаал жөнгө салнбаса, абал өзгөрбөй турганын айтты.

Сайнаке Бообекова менен маекти бул жерден тыңдаңыз.

"Өлүмдү азайтуу үчүн түтүнгө каршы күрөшөлү"
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:56 0:00
Түз линк

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG