Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:30

Кабулда бир нече жардыруудан 5 киши набыт кетти


Кабулдагы жардыруулардын бири орун алган жайдагы иликтөө. 2021-жылдын 20-февралы.
Кабулдагы жардыруулардын бири орун алган жайдагы иликтөө. 2021-жылдын 20-февралы.


Ишембиде (20-февралда) Ооганстандын баш калаасы Кабул шаарында бир нече жердеги бомба чабуулдарынан кеминде беш киши набыт болуп, экөө жаракат алды. Кабул полициясынын өкүлү Фердоус Фарамарздын билдиришинче, унааларга бекитилген бомбаларды жардыруулардын экөө 15 мүнөттүк аралыкта жүзөгө ашырылган.

Полициянын унаасын бутага алган үчүнчү бомба болжол менен эки сааттан кийин жарылып, анын айынан унаада бараткан эки ооган жоокери жана жөө өтүп бара жаткан карапайым киши каза болду. Жоопкерчиликти эч ким дароо мойнуна алган жок жана полиция тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат.

Акыркы апталарда Кабулда унаалардын астына жабыштырылган жана аралыктан же так убакытка байлап коюу аркылуу жардырылган чакан "жабышчаак" бомбалар колдонулган бир нече чабуул болду.
Максаттуу киши өлтүрүүлөр коопсуздук күчтөрүнүн жоокерлерин, аткаминерлерди, сотторду, жарандык демилгечилерди жана журналисттерди бутага алышты.

Жакында өкмөт менен талиптик жоочулардын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү токтоп калгандыктан, өлкөнүн айрым аймактарында зордук-зомбулук кескин көбөйдү.

Экстремисттик "Ислам мамлекети" тобу буга чейинки айрым кол салуулар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Террорчул чабуулдардын айрымдары үчүн Ооганстан өкмөтү талиптер кыймылын айыптуу деп саноодо. (TT)

XS
SM
MD
LG