Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Столтенберг талиптерди Ооганстандагы зомбулукту токтотууга чакырды


Йенс Столтенберг
Йенс Столтенберг

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг талиптерди Ооганстандагы зордук-зомбулуктарды токтотууга чакырды. Ал 15-февралдагы маалымат жыйынында Ооганстандан коалициянын аскерлери чыгаруу өлкөдөгү абалдан көз каранды экенин билдирди.

“Биздин жалпы максатыбыз белгилүү: Ооганстан эч качан биздин мекенге кол салган террорчулар башпааналаган өлкөгө айланбашы керек”, – деди Столтенберг.

Түндүк Атлантикалык аскердик ынтымактын баш катчысы эч бир өлкөнүн аскерлеринин Ооганстанда белгиленген мөөнөттөн ашыкча калуу каалоосу жок экендигин, бирок алар эрте да чыгарылбай турганын эскертти.

Йенс Столтенберг “Талиптер” кыймылын АКШ менен түзүлгөн келишимдин шартын сактоого үндөдү.

Ооган күчтөрү "Ислам мамлекети" террордук уюмунун тобуна каршы аскер өнөктүгүн өткөрүүдө. Сархуд району, Нангархар вилайети. 2021-жылдын 15-февралы.
Ооган күчтөрү "Ислам мамлекети" террордук уюмунун тобуна каршы аскер өнөктүгүн өткөрүүдө. Сархуд району, Нангархар вилайети. 2021-жылдын 15-февралы.

2020-жылдын февраль айында АКШ жана «Талибан» узак жылдардан бери уланып келаткан согушту токтотуу максатында тынчтык келишимине кол коюшкан. Ага ылайык, 2021-жылдын май айына чейин АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетиши керек.

Бул үчүн «Талибан» зомбулукту токтотуп, «Ал-Кайида» сыяктуу террорчул топтордон колун үзүшү зарыл болчу. Бирок кийинки убакта Ооганстанда жайкын тургундарга каршы зомбулук, кол салуу, ар кыл жардыруулар көбөйүүдө.

Буга чейин президент Жо Байдендин администрациясы Кошмо Штаттар Ооганстандагы тынчтык орнотуу үчүн «Талиптер» кыймылы менен түзүлгөн келишимди кайрадан карап чыгууну көздөп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG