Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Байден АКШнын тышкы саясаты боюнча сөз сүйлөйт


АКШнын президенти Жо Байден дүйшөмбүдө өлкөнүн тышкы саясатындагы негизги багыттарды жарыяламакчы. Маалымат каражаттары администрациядагы расмий адамдарга шилтеме менен кабарлашкандай, президент сөзүндө «Американын дүйнөдөгү ордун калыбына келтирүүгө» басым жасашы күтүлүүдө. Байден тышкы саясаттын өзгөчөлүктөрүн терең талдабаса да, эл аралык уюмдарды тоготпой, өнөктөштөр менен тирешип келген мурдагы президент Дональд Трамптан кийин жаңы маанай жаратууну көздөйт.

20-январда инаугурациясында сүйлөгөндө Байден дүйнө менен кайрадан эриш-аркак иш алып барарын, жабыркаган алакаларды «калыбына келтирерин» билдирген. Кызматына расмий киришери менен президент шайлоо алдында берген убадаларын аткарып, Париж протоколуна кайра кошулуу, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмундагы мүчөлүктү токтотпоо тууралуу буйруктарга кол койду.

Вашингтондун жаңы администрациясынын алдында Иран, Түндүк Корея, Кытай, Орусия менен мамилелер, Ооганстан, Жакынкы Чыгыштагы абал өңдүү маселелер турат.

Ак үй 21-январда Байден февралдын башында мөөнөтү бүтчү стратегиялык чабуул коюучу курал-жарактар жөнүндөгү келишимди дагы беш жылга узартууну көздөй турганын билдирген. Бул Байдендин жаңы президенттин тышкы саясаттагы алгачкы чечимдеринин бири болуп калды.

XS
SM
MD
LG