Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:25

Президент Байден алгачкы жолу Путин жана Столтенберг менен телефондон сүйлөштү


Президенттер Жо Байден менен Владимир Путин. Кошмо сүрөт.
Президенттер Жо Байден менен Владимир Путин. Кошмо сүрөт.

АКШ Президенти Жо Байден 26-январда алгачкы жолу Орусиянын президенти Владимир Путин менен мамлекет башчы катары телефон аркылуу баарлашты.

Алардын телефондон сүйлөшүүсү тууралуу Ак Үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки басма сөз жыйынында билдирди.

Саал мурдараак Байден өз өлкөсүнүн Орусия менен карым-катнашына чукул өзгөрүү кирерин айткан болчу.

Псаки айымдын маалыматы боюнча, Байден Кремлди сындап жүргөн Алексей Навальныйдын убактылуу камалышы менен байланыштуу жана башка Орусиядагы окуяларга карата өз тынчсыздануусун билдирген. Андан тышкары, Байден Путинге курал-жарактарга көзөмөл келишиминин мөөнөтүн дагы беш жылга узартууну сунуш кылган. Ошондой эле, Байден Украинанын эгемендиги боюнча АКШнын Киевди чечкиндүү колдой турганын да баса белгилеген.

Баарлашуу маалында Байден орусиялык хакерлердин АКШнын мекемелерине былтыркы ири чабуул койгон окуяларына да өз кабатырлыгын айткан. Ошондой эле ал Ооганстандагы америкалык жоокерлердин өлүмү үчүн расмий Кремль талибдерге сыйлык убада кылгандыгы жөнүндөгү маалыматтарга да тынчсыздануусун билдирген.

Ошону менен бирге, шейшембиде Байден АКШ менен НАТО боюнча шериктердин өз ара мамилелерин чыңдоо жаатында да НАТОнун Башкы катчысы Йенс Столтенберг менен телефондон сүйлөштү.

Байден өз өлкөсү мурдагыдай эле НАТОнун алкагындагы биргелешкен коргонуу келишимин сактап кала берет деп Столтенбергди 26-январдагы баарлашуусунда ишендирген.

Президент Байден Ооганстан, Ирак жана Орусия да камтылган бардык коопсуздук маселелери менен байланыштуу НАТОдогу шериктери менен кеңешип, чогуу иш алып баруу ниетин баса белгилегендиги тууралуу Ак Үй атайын билдирүү жарыялады. (TT)

XS
SM
MD
LG