Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Энтони Блинкен Сенатта мамлекеттик катчы болуп бекитилди


Энтони Блинкен. Вашингтон шаары. 2021-жылдын 19-январы.
Энтони Блинкен. Вашингтон шаары. 2021-жылдын 19-январы.

АКШ Сенаты 26-январдагы отурумунда демократ саясатчы Энтони Блинкенди өлкөнүн жаңы мамлекеттик катчысы (тышкы иштер министри) кылып бекитти. Анын талапкерлигин жактап 78 сенатор добуш берди, 22 сенатор каршы болду. Эми ал өлкөнүн 71-мамлекеттик катчысы болуп калды.

Ага чейинки АКШнын мамлекеттик катчысы, республикачы Майк Помпео бул кызматты 2018-жылдын 26-апрелинен 2021-жылдын 20-январына чейин аркалап келди.

Блинкен дасыккан дипломат жана президент Жо Байдендин көптөн берки кеңешчиси катары таанымал. Ал 1962-жылы 16-апрелде Нью-Йорк шаарында туулган. Анын түпкү ата-теги Орусиядан АКШга көчүп келген. Блинкен 1988-жылы укук илимдеринин доктору даражасына ээ болгон.

Президент Жо Байден былтыр ноябрда эле Блинкендин талапкерлигин бул кызматка көрсөтөрүн жарыялаган. 25-январда Сенаттын Тышкы карым-катнаштар комитети 15 «макул», үч «каршы» добуш менен Блинкендин талапкерлигин колдоп добуш берген.

Айрым республикачы сенаторлор да тышкы саясаттагы орчундуу маселелерди чечүүгө тез арада өкмөткө мүмкүнчүлүк бериш үчүн Блинкендин кызматын маалкатпастан бекитүүгө чакырышкан.

Сенаттын азыркы курамында Эл аралык карым-катнаштар боюнча комитетти жетектеп жаткан республикачы сенатор Жим Риш айрым маселелер боюнча Блинкен менен кайчы пикирде экендигин билдирди. Бирок анын Конгресс менен тыгыз кызматташтыкка берилгендиги тууралуу сөзүнө шыктанганын, аны менен кызматташууга даяр экендигин 26-январда баса белгиледи.

Сенаттын бул комитетин жаңы курамда жетектемекчи болуп жаткан сенатор Боб Менендес саал мурдараак, Сенаттын комитетиндеги отурумда, Блинкенди чечкиндүү колдоп сөз сүйлөгөн.

Жо Байден (солдо) менен Энтони Блинкен. 2020-жылдын 24-ноябры.
Жо Байден (солдо) менен Энтони Блинкен. 2020-жылдын 24-ноябры.

Блинкен АКШнын дипломатиясын Трамптан кийинки мезгил үчүн таптакыр жаңылантуу милдетин аткармакчы. Трамптын «Биринчи орунда – Америка» деген урааны тышкы саясатта өлкөнү обочолонуу нугуна буруп келген. Анын айынан АКШнын айрым өнөктөштөрү менен өз ара мамилелери да салкындай түшкөн.

Алгачкы баскычта Блинкенди Иран менен өзөктүк маселе жаатында кызматташуу, Евробиримдик сыяктуу шериктер менен мамилени кайра жакшыртуу, Кытай менен салкындаган мамилелерди жөнгө салуу сыяктуу чукул арада каралчу түйүндүү маселелер күтүп турат. (TT)

XS
SM
MD
LG