Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:11

Түркмөнстан «Талибан» өкүлдөрү менен эл аралык газ куурунун коопсуздугун талкуулады


«Талибан» саясий кыймылынын башчысы Абдул Гани Барадар Түркмөнстандын борбору Ашхабадда. 6-февраль, 2021-жыл.
«Талибан» саясий кыймылынын башчысы Абдул Гани Барадар Түркмөнстандын борбору Ашхабадда. 6-февраль, 2021-жыл.

«Талибан» саясий кыймылынын башчысы Абдул Гани Барадар баштаган делегация Түркмөнстанга келип кетти. Бул тууралуу Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

«Талибандын» Катар шаарындагы өкүлү Мухаммад Наим Вардактын билдиришинче, сапар Ашхабаддын расмий чакыруусу менен жүзөгө ашты. Барадар Түркмөнстандын вице-премьери жана тышты иштер министри менен жолугушту.

Ооган басылмалары кабарлагандай, талибдер Түркмөнстандын Ооганстандагы инфраструктуралык долбоорлоруна коркунуч жаратпоого убада беришкен.

Буга чейин байкоочулар түркмөн газын Ооганстан аймагы аркылуу Пакистанга жана Индияга алып өтүү боюнча узак мөөнөтүү долбоордо каржы кыйынчылыктары менен катар коопсуздук маселеси да олуттуу болуп жатканын билдиришкен.

«Талибан» трансулуттук газ куурунун жана Түркмөнстан-Ооганстан темир жолунун курулушун кубаттай турганын, бул долбоорлор тынчтыкты жана Ооганстандын экономикалык өнүгүшүн камсыздоого жардам бере турганын билдирүүдө.

Борбор менен Түштүк Азияны туташтыруучу ТАПИ газ куурунун узундугу долбоор боюнча 1800 чакырымды түзөт. Анын алкагында Түркмөнстандан Ооганстанга, Пакистанга, Индияга көгүлтүр отун жеткирилет.

XS
SM
MD
LG