Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин дагы эки партия билдирди


Кыргызстандын президентин шайлоо жана референдумга добуш берүү учуру. Бишкек ш. 10-январь, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын президентин шайлоо жана референдумга добуш берүү учуру. Бишкек ш. 10-январь, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

“Ак бата” партиясы менен Жаштардын прогрессивдүү партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышат. Бул тууралуу борбор калаадагы аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) маалымдады.

Буга чейин Бишкек шаар кеңешине шайлоого катышуу ниетин “Замандаш”, “Кыргызстан демократиялык кыймылы” партиясы, “Реформа”, “Биздин эл”, Коммунисттер жана “Ынтымак” партиялары билдирип, АШКга кайрылышкан. Булардан тышкары «Шайлоо эркиндиги», «Ишеним», «Ата Журт», «Бирге-Вместе», «Кыргызстан социал демократтары», «Патриот» жана Кыргызстандын Улуттук демократиялык партиясы, “Жашылдар”, «Ыйман нуру», «Легалайз», «Ата Мекен», «Эмгек», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Улуу Журт» партиялары да жергиликтүү кеңешке шайлоого катышуу үчүн арыз беришкен.

Жалпы 22 саясий партия Бишкек шаар кеңешине шайлоого катышууну көздөөдө.

АШКнын маалыматына караганда, шайлоого катышуучу партиялар ал тууралуу 1-мартка чейин аймактык шайлоо комиссиясына кайрылуусу тийиш.

Бишкек шаар кеңешине жана башка дагы 448 жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде болот. (ZKo)

XS
SM
MD
LG