Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:50

Кыйноого каршы борбордун жетекчиси Абылгазиев менен Матраимовго жолугуп чыкты


Райымбек Матраимов жана Мухаммедкалый Абылгазиев. Коллаж.
Райымбек Матраимов жана Мухаммедкалый Абылгазиев. Коллаж.

Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагындагы экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовго жолугуп чыкты. Бул тууралуу Рысбеков “Азаттык” радиосуна кабарлады.

Анын айтымында, Абылгазиев ачкачылык кармабаганын билдирген. Ал эми Райымбек Матраимов кан басымы көтөрүлүп жатканын айтып берген. Эки шектүү тең тергөө абагынын шартына, кызматкерлерге дооматы жок экенин билдирди.

Буга чейин Абылгазиевдин ачкачылык кармап жатканы жөнүндө кабарлар чыккан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мухаммедкалый Абылгазиевди өкмөт башчы болуп турганда «Кумтөр Голд» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүү тууралуу токтомго мыйзам бузуп кол койгон деген шек менен 26-январда кармаган. Ал «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча да айыпталып жатат.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 18-февралда УКМКга сурак бергенден кийин экинчи жолу кармалган. Ал кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айыпталууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG