Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Орусия жана Беларустун лидерлери Сочиде жолугат


Александр Лукашенко жана Владимир Путин буга чейинки жолугушууда. 2020-жыл, сентябрь айы
Александр Лукашенко жана Владимир Путин буга чейинки жолугушууда. 2020-жыл, сентябрь айы

Владимир Путин менен Александр Лукашенконун жолугушуусу 22-февралда Сочиде өтөт. Эки лидердин сүйлөшүүсү эки өлкөдө тең оппозициянын акциялары өтүп, Батыштын басымы күчөп турган учурга туш келди. Кремль Путин жана Лукашенко бул жолугушууда экономика, энергетика, коопсуздук жана интеграция маселелерин талкуулай турганын жарыялаган.

Жолугушуу оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды куугунтуктоого байланыштуу Евробиримдик Орусияга жаңы санкцияларды кабыл алчу күнү өтүүдө. Буга чейин Батыш өлкөлөрү Беларустагы оппозицияны куугунтуктоого байланыштуу бир нече чектөөлөрдү киргизген.

Акыркы жолу Путин жана Лукашенко былтыр сентябрда Сочиде жолуккан. Ал учурда Москва Минскиге 1,5 миллиард доллар насыя бөлүүнү убада кылган. Андан бери Беларуста оппозициянын массалык акциялары солгундаганы менен бийликке сын айткандарга куугунтук уланып жатат. Ал эми Орусияда болсо оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды камакка алган соң бир нече жапырт нааразылык акциялары өтүп, миңдеген адамдар кармалды.

22-февралда Евросоюздун тышкы иштер министрлери Навальныйды, анын тарапташтарын куугунтуктоого байланыштуу Орусияга карата жаңы санкцияларды киргизүү чечимин кабыл алмакчы.

Брюсселдеги жыйында 27 өлкөнүн башкы дипломаттары Орусиядагы адам укуктарын бузган жетекчи жана мекемелерге карата четтеги банк эсептерин камакка алуу, виза берүүгө тыюу салуу сыяктуу чектөөлөрдү киргизиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG