Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Мэрия: Бишкек жолундагы кудук капкактары көп уурдалууда


Капкагы уурдалган кудук. Бишкек мэриясы тараткан сүрөт.
Капкагы уурдалган кудук. Бишкек мэриясы тараткан сүрөт.

«Бишкекасфальтсервис» ишканасы өткөн жумада шаардын ички жолундагы отуз кудуктун темир капкагын кайра ордуна коюп чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаарынын бийлиги акыркы учурда кудуктун капкактары көп уурдалып жатканын белгилеп, шаардыктарга кайрылды. Мэрия жолдогу кудуктардын ачык калышы коркунучтуу экенин эскертет.

“Урматтуу шаардыктар, сураныч, капкактарды уурдабагыла, ал коркунучтуу. Эгерде капкактардын уурдалып баратканына күбө болсоңор 102 номуруна чалып милицияга кабарлагыла. Ал эми ачык кудуктар боюнча "Вотсаптагы" 0558 888 358 номуруна жазгыла”, - деп айтылат мэриянын кайрылуусунда.

Кыргызстанда темирдин килограммы 5 сомдон 15 сомго чейин алынат. Ишкерлер темирди Кытайга өткөрүшөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG