Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

ЖЭБ бир киловатт электр энергиясын 3,88 сомдон өндүрүп, элге 77 тыйындан сатат


Бишкек Жылуулук
Бишкек Жылуулук

Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) 1 киловатт электр энергиясын өндүрүү үчүн 3 сом 88 тыйын чыгымдайт. Ал эми аны элге 77 тыйындан, өндүрүшкө 2 сом 24 тыйындан сатат. Бул тууралуу «Улуттук энергохолдинг» ачык акционердик коомунун жетекчиси Бакыт Сыдыков Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык Бишкек ЖЭБине 2 млрд. 100 млн. киловатт электр энергиясын өндүрүү планы коюлган. Буга чейин 1 млрд. 200 млн. киловатт электр энергиясын өндүрүү пландалган. ЖЭБдеги электр жарыгын өндүрүүнү көбөйтүү "Токтогул" гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү азайып жатканына байланыштуу болууда.

«Улуттук энергохолдинг» ачык акционердик коомунун жетекчиси Бакыт Сыдыков суу азайган циклдин аягына чыга электигин белгилеп, "Токтогул" гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 2022-жылы 5,5 млрд. куб метрге чейин азайышы мүмкүн экенин айтты. Сыдыковдун айтымында, суунун көлөмү 5 млрд. куб метрге жеткенде гидроэлектр станциянын ишин токтотууга туура келет.

"Токтогул" гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 2021-жылдын 22-февралына карата 9,897 млрд. куб. метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын сайтында кабарланды.

2020-жылдын дал ушул датасында суу сактагычтагы көрсөткүч 12, 745 млрд. куб метр болгон. Былтыр Кыргызстандагы бир катар коомдук уюмдар "Токтогул" суу сактагычында суу кескин азайып кеткенин билдирип, бул кышында жарыктын өчүрүлүшүнө алып келээрин эскертишкен эле. 2007-2008-жылдары «Токтогулдагы» суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Суу 6 млрд. куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертип келишет. (TSh)

XS
SM
MD
LG