Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Ошто акча талап кылган эксперт кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

18-февралда Ош облустук милициясына Араван районунун тургундары кайрылышкан. Алардын маалыматына ылайык райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматкери корутунду үчүн акча талап кылган. Арыздангандар "жашы жете элек кызыбыз зордукталды" деген ишенимде.

Баштапкы 1100 сомду алгандан кийин эксперт дагы 3000 сом сураган. Акчаны алуу үчүн анын таанышы келген. Акча берилгенден кийин милиция кызматкерлери экспертти таанышы менен кошо кармашкан.

Милициянын маалыматына караганда шектелип жаткан К. С. мурда да ушундай эле иши үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Кылмыш ишин тергөөдө жана соттун өкүмүн чыгарууда соттук-медициналык экспертизанын корутундусу өтө маанилүү болуп эсептелет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG