Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

Кесиптик орто билим алгандардын жарымынан көбү кыздар


Карантинде аралыктан билим алып жаткан кыз
Карантинде аралыктан билим алып жаткан кыз

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2020-2021-окуу жылына карата өлкөдөгү 138 орто кесиптик билим берүүчү жайда жалпысынан 96 миңге жакын адам билим алса, анын 56% кыздар.

Бул окуу жылында эң популярдуу адистик - педагогикалык багытта болуп, тапшыргандардын 26% мугалимдикти тандаса, саламаттыкты сактоо тармагында билим алууга 18%, экономика жана башкаруу багытына 14% жана техникалык адистиктерге 13% студенттер кабыл алынды.

Мындан үч-төрт жыл мурдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу информатика жана компьютердик технология багытына тапшыргандар 49 пайызга көбөйдү. Ал эми айыл чарба жана экономика адистигин көздөгөндөр эки эсе азайды. (BCh)

XS
SM
MD
LG