Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Салливан: АКШ жакынкы арада хакердик чабуул боюнча Орусияга жооп кайтарат


Жейк Салливан
Жейк Салливан

АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Кошмо Штаттары жакынкы арада "SolarWinds" компаниясына жасалган хакердик чабуулга байланыштуу жооп кайтарарын билдирди.

Орусия уюштурушу мүмкүн делип жаткан чабуулдун жыйынтыгында Американын бир нече мамлекеттик мекемелеринин иши жабыркаган болчу.

CBS телеканалына берген интервьюсунда Саливан Ак үй кибердик чабуулду уюштургандарды аныктоону Чалгындоо кызматтарына тапшырганын кошумчалады.

“Бул хакердик чабуул кандай болгонун, канча зыян алып келгенин, анын масштабы кандай экенин аныкташ керек. Учурда анын үстүнөн иштеп жатабыз”,-деди Саливан.

Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи бул боюнча жоопту даярдоого бир нече ай эмес, бир нече жума гана керек экенин кошумчалады.

АКШнын өкмөттүк мекемелерине кибер чабуул коюлганы былтыр декабрда кабарланган. Аны учурда Орусияда жайгашкан хакерлер тобу уюштурушу мүмкүн экени айтылган. Бирок Орусиянын бийлиги мындай дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG