Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:31

Өлкөнү 2026-жылга чейин өнүктүрүү боюнча эксперттик топ түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүү боюнча эксперттик топ түзүлдү. Анын алгачкы отуруму бүгүн 9-мартта өттү.

Президенттик аппараттын маалыматына караганда, муну менен 2018-жылы кабыл алынган "2040-жылга чейинки өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы" программасына өзгөртүү киргизилди. Аппарат жетекчи Сүйүнтбек Касмамбетов белгилегендей, өзгөртүүлөр учурда жүрүп жаткан конституциялык реформага, мамлекеттик башкаруу системасындагы өзгөрүүлөргө жана коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилүүдө.

Маалыматта жазылгандай эксперттик топ коронавирус пандемиясынан улам келип чыккан кризисти, конституциялык жана мамлекеттик башкаруу системасында жүрүп жаткан реформаларды эске алуу менен 2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат.

Ошондой эле эксперттик топ жакынкы арада "2040-жылга чейинки өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы" боюнча 2019-жылы аткарылган иштерди талкуулап, жыйынтыгына жараша сунуштарды даярдоого тийиш.

Эксперттик топтун жетекчиси болуп президенттик аппараттын башчысынын орун басары Бектур Зулпиев, анын орун басарлыгына президенттик аппараттын cтратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Искандер Гайпкулов бекитилди. Булардан тышкары топко президенттик аппараттын, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын, министрликтер жана мекемелердин өкүлдөрү кирди.

2021-жылдын январына карата Кыргызстандын тышкы карызы 5 миллиард долларга жетип калды, анын 40% жакыны (1,8 миллиард доллары) Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына кайтарылчу акчалар.

2020-жылы Кыргызстан сырттан 343 млн. доллар карыз алган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG