Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:48

Хансарайлар парады. Кезекте - Лукашенко


Лукашенко Минскидеги Жаңы жылдык кечеде. 2020-жылдын декабры.
Лукашенко Минскидеги Жаңы жылдык кечеде. 2020-жылдын декабры.

Беларуста Александр Лукашенконун «май көл-сүт көл» жашоосун, анын байлыгын жана кымбат баалуу белектер үчүн орус олигархтарын калкалаган коррупциялык схемаларын ачыктаган документалдуу тасма жарыкка чыкты.

«Nexta» ресурсу жарыялаган «Золотое дно» деп аталган бир жарым сааттык тасмада Александр Лукашенкого жана анын жакындарына тиешелүү делген 18 турак жай биринин артынан бири ачыкталат.

Алардын арасында Минскидеги Көз карандысыздык сарайы, Витебск облусундагы «Крупенино» эс алуучу жайы, Брест облусундагы «Вискули» хутору бар.

Иликтөөдө өзүн «Лукашенконун администрациясынын мурунку кызматкери» деп атаган адам бул имараттардын курулушу, ага сарпталган каражат жана анын булактары, турак жайлардын ичиндеги жасалга тууралуу ийне-жибине чейин төкпөй-чачпай айтып берип, даараткана менен эшиктердин туткаларына чейин алтын жалатылып кооздолгонун баяндайт.

Лукашенко өзүнө бир эмес, бир нече ак сарайды көз жоосун алган жаратылыш койнунда - улуттук парк менен коруктарда курдурганы айтылат. Буга Европа биримдиги Беларуска экологияны коргоо, ишкердикти өнүктүрүү жана калктын жашоосун жакшыртууга деп берген аз пайыздагы же кайтарымсыз грант менен насыялар коротулуп, ал эми бул имараттарды тейлөөгө элдин эсебинен - бюджеттен миллиондогон доллар каражаттар бөлүнөт.

Ал эми Лукашенконун премиум-класс үлгүсүндөгү заманбап автоунааларынын коллекциясы төрт миллион еврого бааланып, автопаркты тейлөө кызматына эле жүз миңдеген доллар сарпталаары белгиленет. Мындан тышкары «классика» деп эсептелген эски, бирок, өтө баалуу, саналуу үлгүдө чыгарылган автоунаалары да миллиондогон долларды чапчыйт.

Мындан тышкары кымбат кол сааттарынан баштап Беларуста сулуулук сынактарында көзгө түшкөн бийкечтерден түзүп алган «гареми», калкалап, колтугуна киргизип алган орус олигархтары бирден саналат.

Документалдуу тасманын авторлору Лукашенкону мыйзамсыз баюуга, жыйып алган дүйнөсүн жашырууга, коррупциялык байланыштарга жана өкмөттүн каражаттарын максатсыз пайдаланууга айыпташат.

Расмий тапшырган декларация боюнча Лукашенконун айлыгынан башка эч нерсеси жок.

«Ал эл алдында өзүн акмын, эч нерсем жок дей берет, буга өзү да ишенет. Документтер боюнча Лукашенкого эч нерсе катталган эмес. Же мамлекеттик мүлк, же айланасындагы ишенимдүү күркүлдөргө, же каалаган учурда каматып коё ала турган кол алдындагы адамдарга катталган. Ошол эле кезде ал мамлекеттик мүлктү өзүнүкүндөй менчик көрөрүн унутпашыбыз керек. Ал эми ал калкалаган адамдар кандайдыр бир жазылбаган мыйзамдар бардыгын, ишкердик кылуу үчүн кирешеден бөлүшүп туруу керектигин, мындай адамдардын алдынан өтүп туруу керектигин билишет. Эгерде бул система ураса, ошол адамдар бул фактыларды ачыктап беришет», дейт документалдуу тасманын авторлорунун бири, «Nexta» ресурсунун негиздөөчүсү Степан Путило.

Документалдуу тасмада Лукашенкону айланчыктаган билермандар, ага ак сарай, автоунаа тартуулап, көңүлүн алып келаткан чириген байлар да көрсөтүлөт. Алардын бири - орус ишкери Михаил Гуцериев. Иликтөөнүн авторлору «Красносельское» резиденциясын дал ушул ишкер Лукашенконун көзүн майлоо максатында белекке тартуулаганын айтышат.

Беларуста Лукашенконун «май көл-сүт көл» жашоосун, жыйнаган дүнүйөсүн, табакташ күркүлдөрү жана ээрчиткен сулуулары тууралуу бул тасманы «жаңылык эмес, мурдатан белгилүү» деп сын көз карашта кабыл алгандар бар.

«Кээ бирөө таң калып, ачууланса, кээ бирөө «эми тагдырыбыз ушундай, өлкөбүз ушундай» дешээр. Лукашенко жана анын тарапташтары чын жүрөктөн «коррупционер эмеспиз» деп ойлошот. Анткени алар мамлекетти бир хандык же алар ээлик кылган мекеме катары көрүшөт. Эгерде ага «Майбах», «Тесла» сыяктуу автоунаа белек кылышса, муну ал пара деп эсептебейт. Анткени, ал бул өлкөнүн кожоюну, менчиги катары аны каалагандай колдонуп, өз билгенин жасай берет», дейт саясат талдоочу Валерий Карбалевич.

Ар бири он миңдеген чарчы аянтты ээлеген ак сарайлар тууралуу бул иликтөө чыгаар алдында Беларуста мамлеттик телеканалдар Лукашенконун билдирүүсүн көргөзгөн. Анда ал «менде хан сарай жок, мен чонойгон апамдын үйү бар, ошол менин ак сарайым» деген.

"Европанын акыркы диктатору" атыккан Александр Лукашенко бийликке 1994-жылы келген. Андан бери тагын сактап калуу үчүн Баш мыйзамды бир нече ирет өзгөртүп, бийлигин күчтөндүргөн. Ал былтыр августта президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча алтынчы жолу жеңүүчү деп жарыялангандан бери Беларуста элдик нааразылыктар токтой элек.

Европанын бир катар мамлекеттери, Улуу Британия, АКШ жана Канада Лукашенконун кайрадан шайланышын тааныбай, анын бийлигине каршы бир катар санкцияларды киргизишкен.

Беларуста Лукашенконун ак сарайларын ачыктаган бул көз карандысыз журналисттердин иликтөөсү «Хан сарайлар парадын» жаңыртты. Буга чейин Орусияда азыр абакта отурган оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын «Путиндин хан сарайы» деген иликтөөсү чыккан. Ошондой эле Өзбекстанда Азаттыктын өзбек кызматы Шавкат Мирзиёев үчүн курулган «жашыруун резиденцияны» ачыктап, «Өзбекстан темир жолдору» мамлекеттик ишканасы аны «курорттук зона» деп түшүндүрүп, эмне себептен ал дале жабык турганын, жада калса ал жактын үстүнөн - асманынан учууга да тыюу салынганы тууралуу маалымат берилген эмес.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG