Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

Беларуста митингге чыккандар камала баштады


Журналисттер менен тилектештик чарасы. Минск, 3-январь, 2020-жыл.
Журналисттер менен тилектештик чарасы. Минск, 3-январь, 2020-жыл.

Беларуста камакка алуулар токтогон жок.

Минскиде бети-башын чүмбөттөгөндөр Лукашенконун бийлигине каршы жүрүштөргө активдүү катышкан адамдарды үйүнөн кармап кетип жатканы кабарланууда.

Интернетке таркаган видеолордо алар өздөрүн тартип сакчылары деп атаганы менен кызматтык күбөлүктөрүн көрсөтпөй, кеп-cөзгө келбей адамдарды күч менен автоунааларга салып кетип жатканын көрүүгө болот.

«Тихари» деп атка конгон мындай тартип сакчылары 5-январда түнү кеминде 20дай адамды үйүнөн алып кеткен. Үч киши ар кандай жараат менен ооруканага түшкөн.

«Бир үйдө жашаган кошуналар чайга чогулушкан. Анан автоунаалар келип, баарын курчоого алып, эркек кишилерди кармай баштаган. Атам айыптоолорго макул болбой каршылык көрсөткөн, жыйынтыгында он күнгө камап коюшту», - дейт Минскинин тургуну.

Беларустагы «Весна» укук коргоо уюмунун эсеби боюнча 9-августтан 31-декабрга чейин нааразылык жүрүштөрүндө эле күч кызматтары 26 577 кишини камакка алган. Алардын арасында 170 өспүрүм жана жашы 60тан ашкан 300дөй киши болгон.

Жалпы 7 миңдей адам сот жообуна тартылып, 4 миңдей адам айып пулга жыгылган.

Укук коргоочулар кеминде 400дөй адам ур-токмокко алынып, дагы 500дөйү ооруканага түшкөнүн билдирди. Алардын эсебинде ондой адамга ок атылып, беш киши көз жумган.

7-январда Александр Лукашенко Вашингтондо Капитолийде болгон соңку окуяны мисал келтирип, Минскиде жүрүштөргө чыгып жаткандарга сөөмөй кезеп, аларды кандай жол менен болбосун токтотуу керектигин белгилеген.

«Дем алыш күндөрү Москванын көчөлөрүндө топтошуп жүргөндөр, мен силерге эскерткем. Булардын көчөлөрдө жүргөнү жаман. Булар короолорго келе баштаганда, силердин үйлөрүңөргө кире баштаганда мындан жаман болот. Биз буга жол бербешибиз керек», - деди Лукашенко.

Жаңы жыл алдында Лукашенко милициянын атайын багыттагы отряды – ОМОН кызматкерлери менен жолугуп, аскер жана күч кызматтарынын башчыларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырган.

Ал ОМОНго «адамдар ишенет», «силерди дайыма жардамга келет деп билишет» деп, «өлкөдө коопсуздукту сактап калууда» алардын ролун жогору баалаган. Анда Лукашенкого ОМОН кызматкерлеринин мыктыларына берилчү кара берет тапшырылып, ал атайын отряддын катарына кабыл алынган.

Ал арада Лукашенконун буйруктарын аткаруудан баш тартып, күч түзүмдөрүнөн иштен кетип калгандарды бириктирген "BYPOL" тобу Беларустагы ИИМ кызматкерлеринин жалпы санын ачыктап, жеке маалыматтарын таркатып келет. Топтун маалыматы боюнча былтыр октябрга карата беларус ИИМ бөлүмдөрүндө 46 миңден ашуун киши кызматта турса, шайлоодон кийин элдик жүрүштөр маалында эки миңдей кызматкер ишинен алынган же өз каалоосу менен кеткен.

Беларуста Лукашенконун бийлигине жана коопсуздук күчтөрүнүн зомбулугуна каршы наарызылык жүрүштөрү августтан бери уланып жатат. Демонстранттар Лукашенконун кетишин, кайрадан президенттик шайлоо жарыяланышын, абактагы саясий туткундардын бошотулушун талап кылып келет.

Соңку кезде жапырт камакка алуулардан жана күч кызматтарынын зомбулугунан улам беларустар шаар борборлорунда чогулбай, топ- топ болуп шаар көчөлөрүнө жана ар кандай имараттардын алдына акцияларга чыгып жатат.

Өткөн жекшембиде Минск баш болгон бир нече шаарда быйылкы жылкы биринчи нааразылык иш-чаралары өткөн. Бийлик тыюу салган ак-кызыл түстөгү улуттук желектерди көтөрүп чыккан демонстранттар демократияны, адилет шайлоону коргогон ураандарды чакырышкан.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG