Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:18

Беларус: Мария Колесникова 8-мартка чейин камакта калды


Мария Колесникова.
Мария Колесникова.

Беларуста оппозициянын лидерлеринин бири Мария Колесникованын абактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу оппозициянын Координациялык кеңеши кабарлады. Маалыматка ылайык, сот бийликти сындап жүргөн Колесникованын абактагы мөөнөтү 8-мартка чейин узартылганын билдирди.

Координациялык кеңештин негизги мүчөсү Колесникова былтыр 7-сентябрда кармалган. Беларус бийлиги аны чек арадан мыйзамсыз өтүп баратканын билдирген. Колесникова болсо аны эки шериги менен Украинага күчтөп чыгарып салууга аракет кылышканын, бирок паспортун тытып жиберип калып калганын билдирген.

Беларуста 2020-жылдын 9-августунда президенттик шайлоо өтүп, анда өлкөнү соңку 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко жеңүүчү деп табылган. Оппозиция шайлоо жыйынтыгын тааныган эмес. Ошондон бери миңдеген адамдар нааразылык акциясына чыгып, Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып келет. Күч органдарынын демонстранттарды кууп таратышы, ашкере күч колдонгону сынга кабылган.

XS
SM
MD
LG