Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:44

«Весна»: Беларуста саясий мүдөө менен 103 киши камалды


Беларустагы демонстранттар.
Беларустагы демонстранттар.

Беларуста Александр Лукашенконун режимине каршы толкундоолордун башталганы соттор «саясий мүдөө менен козголгон» 103 иш боюнча өкүм чыгарышкан. Бул тууралуу «Весна» укук коргоо борбору билдирди.

Жалпысынан толкундоолорго байланыштуу 650 кылмыш иши ачылган. 6-январда Минск соту Беларус оппозициясынын координациялык кеңешинин мүчөсү Мария Колесникованын камоо мөөнөтүн эки айга узартты. Беларус бийлиги аны «Интернетти жана маалымат каражаттарын колдонуу менен улуттук коопсуздукка зыян келтирүүгө багытталган чакырыктарды жасаган» деп айыптап жатат.

Беларуста ири толкундоолор былтыр августта өткөн шайлоодон кийин башталган. Анда Лукашенко жеңип, алтынчы мөөнөткө калганы маалым болгон. Демонстранттар Лукашкенконун кызматтан кетишин жана демонстранттарды таркатууда күч колдонгон коопсуздук күчтөрүн жоопко тартууну талап кылып келишет.

Толкундоолорду басууда беш киши каза болгон. Укук коргоочулар белгилегендей, ушул убакытка чейин бери дегенде 30 миңдей адам куугунтуктоолорго кабылды. Евробиримдик жана АКШ Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG