Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:09

Лукашенко кандай шартта кызматтан кетээрин айтты


Александр Лукашенко. 2021-жылдын 11-февралы
Александр Лукашенко. 2021-жылдын 11-февралы

Минскиде Беларус эл курултайынын эки күндүк жыйыны башталды. Анын ачылышында сөз сүйлөгөн Александр Лукашенко кандай шартта кызматтан кетээрин айтты.

11-февралда Беларус эл курултайынын ачылышында сүйлөп жатып, жыл соңуна чейин жаңы Конституциянын долбоору даярдалып, кийинки жылы ал референдумга коюларын билдирди. Ал ошондой эле кандай шартта бийликтен кетээрин айтты:

"Мен бийликтен бир гана шартта кетем. Ал - мамлекеттеги тынчтык. Эч кандай нааразылык иш-чаралар болбош керек, мамлекетти төңкөрбөй, пикирлер мыйзам алкагында гана айтылышы керек. Бул - башкы шарт. Экинчи шарт - эгер бийликке башка көз караштагылар келсе, биз -азыркы президенттин тарапташтарынын башынан бир да чач түшпөш керек, деген беренени экинчи кылып киргизебиз".

Беларус эл курултайы алтынчы жолу өтүп жатат. Аткаминерлер, ишкана жумушчулары, маданият жана илимдин «бийликчил» өкүлдөрү жана «карапайым» адамдар чогулган Советтер союзу маалындагыдай сьездде өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсү жана 5 жылдыкка болгон пландар талкууланат.

Лукашенко Беларус элдик курултайын конситуциялык органга айлантуу сунушун киргизди. Ал жаңы Конституцияда бийлик элдик курултайда болорун кошумчалады.

Ал Конситутцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу алгач былтыр жайында, өлкөдө каршылык акциялары тутанган маалда айткан. Каршылык акцияларга чыккандар 2020-жылдын 9-августунда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланган деген пикирде. Мындай позицияны бир катар Батыш мамлекеттери да карманышат. Анда Борбордук шайлоо комиссиясы Беларусту 1994-жылдан бери башкарып келген Лукашенко жеңүүчү катары жарыялаган.

11-февралда Беларустагы АКШнын элчилиги курултай боюнча билдирүү таратты. Анда «Жыйын Беларустагы чыныгы көз караштарды чагылдырбайт. Демек, анда өлкөдө уланып жаткан саясий кризис козголбойт. Өкмөт каршылык акциялардын лидерлерин, активисттерди, диссиденттерди көп учурда ойлоп табылган айыптоолор менен түрмөгө камап, башкаларын куугунтуктап, тышка чыгып кетүүгө мажбурлады. Саясий мүдөө менен камалгандар, куугунтуктагы бозгундар жана 2020-жылдын август айынан бери камалган 30 миңдей адам чыныгы, кеңири диалог жана эркин, адилеттүү шайлоо өткөрүү аркылуу өз өлкөсүнүн келечегин аныктоого татыктуу», - деп белгиленген.

Евробиримдик, АКШ, Канада жана башка мамлекеттер Александр Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери катары таануудан баш тартышкан. Ошондой эле Лукашенкого жана жогорку даражадагы беларус аткаминерлерине шайлоонун жыйынтыгын бурмалап, демонстрацияга чыккандарды куугунтуктаганы үчүн санкция салышкан.

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская. 3-февраль, 2021-жыл.
Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская. 3-февраль, 2021-жыл.

Буга чейин Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская "беларустуктардын жеңиши боюнча ачык стратегия" жарыялады. Анда Лукашенко "өзүнүн жеке кризисин өлкөнүн кризисине айлантканы" жазылган.

Тихановская ошондой эле жазында ири каршылык акциялары жанданарын кошумчалады.

Лукашенко оппозиция менен сүйлөшүү, кайра шайлоо өткөрүү талаптарын четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG