Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Беларуста иш таштоо башталды


Беларуста каршылык акциялары 2,5 айдан бери токтой элек.
Беларуста каршылык акциялары 2,5 айдан бери токтой элек.

Беларуста 26-октябрда айрым ири ишканаларда элдик иш таштоо башталды. Анын алдында, жекшембиде оппозиция лидери Светлана Тихановская жарандарды ушундай каршылык акциясын өткөрүүгө чакырган.

25-октябрда Минск баштаган бир катар шаарларда бийликке нааразы 100 миңден ашык адам кайрадан көчөгө чыкты. Күч түзүмдөрү демонстранттарды кууп таратып, жүздөгөн адамдар камакка алынды.

Беларуста 2,5 айдан бери президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган акциялар токтобой жатат.

Соңку президенттик шайлоодогу Александр Лукашенконун башкы атаандашы Светлана Тихановская 25-октябрда азыркы президенттин кызматтан кетишин, саясий туткундардын бошотулушун талап кылган «элдик ультиматумдун» мөөнөтү соңуна чыкканын билдирген. Оппозиция лидери ушундан улам беларус жарандарын эми жалпы элдик иш таштоого чакырган. Тихановская 26-октябрда бул каршылык акциясы жаңы шайлоону талап кылган кийинки кадам экенин белгиледи:

«Элдик ультиматумдун мөөнөтү бүттү. Бүгүн элдик иш таштоо башталат - бул беларустардын эркиндикке, зомбулукту токтотууга жана жаңы шайлоого карата кийинки кадамы. Мамлекеттик заводдордун жана мекемелердин жумушчулары, айдоочулар, шахтёрлор, мугалимдер жана студенттер таң эртеден тартып иш таштап жатат».

Тихановская жарандарды жолдорду тороп, жумушка чыкпоого, мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматын колдонбоого, өкмөттүн дүкөндөрүнө барбоого жана банктагы акчасын чыгарып кетүүгө чакырган.

Лукашенко болсо оппозициянын мындай талабын келеке менен кабыл алган. «Иш таштаган жумушчулардын балдарын ким багат?» деп айткан ал.

Азырынча кайсы ишканалардын канча жумушчусу иш таштаганы так белгисиз. «Минпром» ишканасы жумушчулары мындай акцияга катышканы тууралуу маалыматты жокко чыгарды. «Азаттыктын» беларус кызматы «Гродно Азоттун» 150дөй жумушчусу иш таштаганын, 13 адам камакка алынганын жазды.

«Беларуснефть» ишканасынын жетекчилиги айрым активист жумушчуларды киргизбей койгону белгилүү болду. Анын алдында бул жумушчулар оппозициянын иш таштоо тууралуу демилгесин колдой турганын айтып видео кайрылуу таратышкан эле.

«Атлантада» жумушчулардын жүрүшү болду. Минскиде Башкаруу академиясынын айрым студенттери иш таштаган жумушчуларга тилектештик билдирип чыгышты. Ушундай эле акцияны Беларус улуттук техникалык университетинде окугандар да өткөрүштү. Жүздөгөн студенттер Беларус мамлекеттик медициналык университетинин имаратынын алдына чогулушту. Айрым дүкөндөр жабылды.

Иш таштоо маалында 100дөн ашык адам камакка алынды.

Минскиде Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган жекшембидеги каршылык акцияларына айрым бир маалыматтар боюнча 100 миңдей адам катышты. Милиция жаш агызган каражаттарды, кулак тундурган гранаталарды колдонуп, демонстранттарды кууп таратты.

Ички иштер министрлиги соңку каршылык акцияларында 500дөн ашык адам кармалганын, алардын теңинен көбүнө административдик мыйзам бузуу боюнча иш козголуп, сот чечими чыкканча тергөө абагында болорун билдирди. Мекеме бул күнү жалпы өлкө боюнча 20дай каршылык акциясы өткөнүн ырастады. Милиция «жаш агызган, кулак тундурган гранаталар айрым демонстранттар күч кызматкерлеринин автоунаасына таш ыргыта баштагандан кийин колдонулду» деп түшүндүрмө берди.

«Мыйзамсыз иш-аракеттердин алдын алуу жана милицияга кол салууну токтотуу үчүн атайын каражаттар колдонулду, башаламандыктын жаалданган катышуучулары камакка алынды. Тоз-тополоңдо милициянын атайын даярдыктагы эки кызматкери жабыркады», деп айтылат ИИМ тараткан билдирүүдө.

Өткөн айда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өкүлү миңдей адам катуу сабалганын, 500дөй киши зордук-зомбулукка кабылганын айтып даттанганын билдирген. Беларус бийлиги демонстранттарга ашкере күч колдонулганын танып келет.

XS
SM
MD
LG