Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:42

Бишкекте кыз ала качууга шектүү адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

8-март күнү саат 19:50 чамасында 102 номуруна кимдир бирөөлөр чалып, Ак-Өргө жаңы конушунда кыз ала качуу болгонун билдиришкен. Окуя болгон жерге кайгуул кызматкерлер келип, 25 жаштагы С. А. аттуу кызды чала тааныш бирөө ала качып кеткенин аныкташкан. Бул тууралуу кайгуул-күзөт кызматы маалымдады.

Иликтеп-издөө иштердин натыйжасында 31 жаштагы Н. Р. кыз ала качууга шектелип кармалды. Шектүү убактылуу камоочу жайга киргизилип, бул факты боюнча Жазык кодексинин 175-беренеси (“Мажбурлап никеге тургузуу үчүн ала качуу”) менен сотко чейинки териштирүү башталды.

Кыргызстандын Жазык кодексинин 175-беренеси боюнча кыз ала качуу оор кылмыштардын катарына кирет.

2019-жылы кабыл алынган Жазык кодексинин бул беренесинде Кыргызстанда ала качуу үчүн жаза күчөтүлгөн. Мыйзам боюнча кызды күч менен ала качкан адам беш жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Ал эми өспүрүм кызды мажбурлап никеге тургузгандар эркинен ажыратылгандан тышкары 200 000 сом өлчөмүндө айыпка да жыгылат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG