Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

Европарламент Венгрия, Польша жана Словениядагы медиа эркиндикти талкуулайт


Klubradio деген либералдуу радиостанциянын логосу
Klubradio деген либералдуу радиостанциянын логосу

Европа парламенти Венгрия, Польша жана Словениядагы медиа эркиндикти талкуулаганы жатат.

3 мамлекет маалымат каражаттарынын эркиндигин чектөөгө аракет кылууда деген сынга туш болуп келатат.

Сессияда Еврошаркеттин 3 мүчөсүнүн бийликтери көз каранды эмес медианын үнүн басуу аракеттерин кантип көрүп жатканы талкууланат, - деп айтылат Европарламенттин билдирүүсүндө. Бирок, эч кандай резолюция кабыл алынбайт.

Венгрия менен Польшанын бийликтеги улутчул өкмөттөрү демократиялык эркиндиктерге, маалымат каражаттарына, бейөкмөт уюмдарга жана мыйзам үстөмдүгүнө көлөкө түшүрүп жатканы көптөн бери айтылып келет. Алсак, Европарламенттин билдирүүсүндө Klubradio деген либералдуу радиостанциянын лицензиясы узартылбай, жабылууга аргасыз болгону белгиленген.

Польшада өкмөт маалымат каражаттарынын жарнамадан түшкөн кирешесине салык салууну пландоодо. Буга каршы чыккан айрым эркин медиалар өткөн айда акция өткөрүшкөн.

Словенияда журналисттер интернетте айрым адамдардын, алардын арасында премьер-министр Янеш Янса тарабынан - кемсинтүү, коркутууларга туш болууда. Коомдук жана менчик маалымат каражаттарынын ишине саясий кийлигишүү да артууда.

XS
SM
MD
LG