Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Кой-Таш окуясы боюнча ишти териштирүүнүн мөөнөтү 2 айга узартылды


Кой-Таш окуясы боюнча сот отурумдарынын бири. 2020-жылдын 16-сентябры (Фото архивден)
Кой-Таш окуясы боюнча сот отурумдарынын бири. 2020-жылдын 16-сентябры (Фото архивден)

Бишкектин Биринчи май райондук соту 10-мартта Кой-Таш жана башка окуялар боюнча бириктирилген ишти карады.

Судья Азирет Медеров Кой-Таш окуясы боюнча жазык ишин териштирүүнүн мөөнөтүн 2 айга - 11-майга чейин узартуу тууралуу чечим чыгарды.

Бул тууралуу айыпталуучулардын бири Кундуз Жолдубаева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, сотто айыпталуучулардын бөгөт чарасы да каралды.

Соттун чечимине ылайык Кой-Таш ишинде айыпталып жаткан Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Кундуз Жолдубаева, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Рыспек Карыпбек уулу, Нооруз Капарбек уулу, Канат Осмоналиев, Марат Шаменов жана Амангелди Какебаевдин үй камагындагы мөөнөтү дагы 2 айга узарды.

Кой-Таш окуясынан тышкары 2020-жылдын октябрында Ала-Тоо аянтында болгон жапырт башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишине айыпталган Фарид Ниязов 7-апрелге чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта калды. Аны менен чогуу күнөөлөнүп жаткан Канат Сагымбаевдин үй камагындагы мөөнөтү да ушул күнгө чейин узартылды.

Райондук сот Атамбаев жана башка адамдарга карата козголгон бир нече кылмыш ишин былтыр ноябрдан бери бириктирип карап жатат. Алар - Кой-Таш окуясы, Кой-Таштагы жер тилкеси, Бишкек ЖЭБиндеги жемкорлук, «Терек» сурма кениндеги коррупция боюнча кылмыш иштери.

Ага былтыр 9-октябрдагы Бишкекте болгон башаламандык боюнча кылмыш иштери да кошулган. (NT)

XS
SM
MD
LG