Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Украинада дезинформация жана пропагандага каршы борбор түзүлөт


Президент Владимир Зеленский. Киев, 9-март 2021-жыл
Президент Владимир Зеленский. Киев, 9-март 2021-жыл

Украинада дезинформация жана пропагандага каршы борбор түзүлөт. Президент Владимир Зеленский 9-мартта маалымат коопсуздугунун коркунучтарын билүү маанилүү экенин, Украина дезинформацияга, анын ичинде Орусия тараптын аракеттерине каршы күрөштө биринчи катарда турганын Киевдеги форумда билдирди:

"Мен Улуттар уюмуна Украинада дезинформацияга туруштук берүү борборун негиздөө сунушун киргиздим. Борбор жакынкы келечекте ишин баштамакчы. Болочокто ал эл аралык хабга айланат".

Президенттин айтымында, миллиондогон адамдар дезинформациянын курмандыгы болуп калышы ыктымал.

Украинада маалымат коопсуздугун камсыздоонун алкагында жакында 3 телеканал ишин токтоткон. Айрым эксперттердин айтымында, Орусиянын жалган маалымат таратуу кампаниясы Украинадагы маалымат коопсуздугуна чоң коркунуч жаратып жатат.

Ошол эле маалда дезинформацияга каршы күрөшкө жамынып цензурага жол берилиши мүмкүн деп чочулагандар да жок эмес.

XS
SM
MD
LG