Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 05:49

Парламентте референдум дайындоо жөнүндөгү мыйзамга добуш берилген жок


Жогорку Кеңештин жалпы жыйындар залы. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңеш Конституция жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзамды бүгүн, 10-мартта карады, бирок добуш берген жок. Экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүү тууралуу гана чечим кабыл алды.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында ушул эле маселе менен катар каралган башка мыйзам долбоорлорунун баары боюнча добуш берилди. Ал эми референдумга байланыштуу маселе добушка коюлбаганы айрым депутаттардын нааразы суроолорун жаратты.

Аларга жооп берип, төрага Талант Мамытов ал боюнча добуш берүү күн тартибине кирбегенин айтты:

«Ал үчүн аппарат (ред: Жогорку Кеңештин аппараты) тактап, күн тартибине киргизиши керек. Бүгүн добуш берүүгө аталган мыйзам долбоору каралган эмес».

Экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүү эртең, 11-мартта болору айтылууда.

Кыргызстанда быйыл 10-январда референдум өтүп, президенттик башкаруу формасы тандалып алынган. Парламент Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун 3-мартта биринчи окууда кабыл алган. Аны депутаттардын 87си колдоп, тогузу каршы добуш берген, 21и катышкан эмес. Айрым депутаттар мыйзам парламенттин регламентин одоно бузуу менен кабыл алынып жатканын айтса, айрымдары андай болбогонун белгилеп жатышат.

Бүгүнкү отурумга 84 депутат катышты. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG