Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

АКШ Иранды уурдалган экс-агент боюнча "ишенимдүү маалымат" берүүгө чакырды


Боб Левинсонду 2007-жылдан бери издеп жатышат
Боб Левинсонду 2007-жылдан бери издеп жатышат

АКШ Иран өкмөтүн Федералдык иликтөө бюросунун (ФБР) мурдагы агентинин тагдыры тууралуу “ишенимдүү” маалымат берүүгө үндөдү.

“Кошмо Штаттар Боб Левинсонду эч качан унутпайт”, -деди Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен 9-мартта. Ал күнү экс-агенттин дайынсыз жоголгонуна 14 жыл болду. Роберт (Боб) Левинсонду 2007-жылдын мартында Ирандын Киш аралындагы курорттон уурдап кетишкен. Ошол маалда ал Борбордук чалгындоо башкармалыгы (ЦРУ) менен келишимдин негизинде кызматташып жатканы кабарланган.

Вашингтон Иранды Левинсонду табууга жана мекенине кайтарууга жардам берүүгө үндөп келатат. Бирок Тегеран анын тагдыры тууралуу эч кандай маалыматы жоктугун айтууда.

Ошол эле маалда экс-агент жоголгондо Иран өкмөтү менен байланыштагы маалымат каражаты ал “Ирандын коопсуздук күчтөрүнүн колунда” деп жазган. Былтыр декабрда АКШнын буга чейинки администрациясы Левинсонду “уурдоого, кармоого жана балким өлтүрүүгө” тиешеси бар деген ирандык атайын кызматтын эки мүчөсүнө санкция салган.

XS
SM
MD
LG