Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:24

Мамлекеттик каттоо кызматы: Биометрикалык паспорттор боюнча долбоор 1-майдан тартып ишке кирет


Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт.
Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт.

Мамлекеттик каттоо кызматы 10-мартта маалымат таратып, жаңы үлгүдөгү паспортторду берүүдөгү ыңгайсыздыктар үчүн кыргызстандыктардан кечирим сурады.

Мекеменин билдирүүсүндө паспорт берүүдөгү мүчүлүштүк коронавирус менен байланыштуу экени, пандемиядан улам 2004-жылдагы паспорттор менен 2006-жылдагы жалпы жарандык паспортторду алмаштыруунун мөөнөтү узарып кеткени айтылган.

Жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттор боюнча долбоорду ишке ашыруу 2020-жылдын башынан тартып жүрүп келгенин, бирок пандемия шартында программалар өз убагында иштелип бүтпөй, создугуп кеткени белгиленген.

Маалыматка караганда, азыр техникалык адистер болушунча иштеп, долбоорду ушул жылдын 1-майынан тартып ишке киргизүү аракети көрүлүп жатат.

Ага чейин мамлекеттен чыгып-кирүүдө жана өлкөнүн өзүндө мөөнөтү узартылган паспортторду колдонуп туруу сунушталды. Документтердин мөөнөтүн 1-сентябрга чейин узартуу маселеси каралууда. Казакстан, Тажикстан жана Орусияга чыгып-кирген жарандар 2017-жылдагы eID-картаны колдонсо болот.

Буга чейин өкмөт жаңы үлгүдөгү паспортторду берүүдө көйгөй жаралгандыктан, чет жакта жүргөн жарандардын паспортунун мөөнөтүн убактылуу узарткан.

Жаңы паспорт боюнча план ишке ашпай жатканы үчүн өкмөт башчы Улукбек Марипов 9-мартта Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевге сөгүш жарыялап, анын орун басары Тилек Батыркановду иштен алды.

Жалпы жарандык паспорттун жаңы муундагы биометрикалык үлгүсү (ePassport) Кыргызстанда 2020-жылдын 25-декабрында бериле баштамак. Кийин анын мөөнөтү апрелге жылып, бирок ал мөөнөттө да берилген эмес. (NT)

XS
SM
MD
LG