Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:54

УКМКнын атына жамынып, 180 миң доллар алгандар кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте өздөрүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери катары тааныштырып, кылмышка шектүүлөрдүн биринин туугандарын алдап, 180 миң доллар алган эки киши кармалды.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

"Укук коргоо органынын жетекчилеринин бирин кармоо боюнча ишти иликтөөнүн алкагында маалымат келип түшкөн. УКМК жетекчилигинин атынан өздөрүн тааныштырган адамдар шектүүнүн туугандарынан ишти оң жакка чечип берүү үчүн акча алган. 9-мартта бул кылмышка шектүү катары кармалган 1972-жылы туулган Абдыразак Кожоев жана 1978-жылы туулган Кумар Мамажанов УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди" - деп жазылган атайын кызматтын маалыматында.

Материалдар Кылмыш кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») боюнча бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Мекеме алдамчылыкка чалдыккан жарандар болсо 0312 66-04-75 номуруна кайрылуу суранат. (NT)

XS
SM
MD
LG