Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

Башкы прокуратура блогер Сыдымановго койгон айыбынан баш тартты


Элмир Сыдыманов апасы Махаббат Молдомусаева менен.
Элмир Сыдыманов апасы Махаббат Молдомусаева менен.

Башкы прокуратура блогер Элмир Сыдымановго койгон айыбынан баш тартты. Мындай чечим 10-мартта сот процессинин жүрүшүндө жарыяланганын "Азаттык" радиосуна мекеменин маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Наргиза Куватова кабарлады.

Куватованын айтымында, блогердин адвокаты комиссиялык соттук-лингвистикалык экспертиза дайындоо тууралуу өтүнүч келтирип, аны мамлекеттик айыптоо колдоду:

"Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык Сыдымановдун аракетинде аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер аныкталган эмес".

Сыдыманов «Инстаграмда» Sydyman деген ат менен белгилүү. Ал 2020-жылы февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынган. Кийин блогер жаңылыштык кетиргенин мойнуна алып, элден кечирим сураган. Апасы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, уулу кастыкка чакырбаганын айткан жана анын ишине калыс көзөмөл жүргүзүүнү өтүнгөн.

Блогер Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 10 күндөн кийин үй камагына чыгарылган.

Ага Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айып коюлган.

Ишти Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту карап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG