Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

Сыдымановдун апасы: Түштүктүн кызымын, уулум кастыкка чакырган эмес


Махаббат Молдомусаева уулу Элмирбек менен.
Махаббат Молдомусаева уулу Элмирбек менен.

Блогер Элмирбек Сыдымановдун апасы Махаббат Молдомусаева президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, уулунун ишине калыс көзөмөл жүргүзүүнү өтүндү.

Ал алгач элден кечирим сурап, уулунун блогерлик менен алектенишин туура көрбөй турганын жана ал катуу жаңылып алганын билдирди.

Президентке жазган кайрылуу катында Молдомусаева баласы «эч кимди аймактык кастыкка үгүттөбөгөнүн» айтып, «балам киши өлтүргөн жок, уурулук кылган жок, эч кимди касташууга да чакырган жок. Элмир эки жакты бөлөйүн деген такыр ою жок. Мен өзүм Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынан болом. Мен да түштүктүкмүн» деп белгиледи.

Ошону менен катар ал «эне жүрөгүн эске алып, биздин оор турмуш шартты эске алып, Элмирге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү гана жетиштүү» болорун өтүндү.

Блогер Сыдыманов аймак аралык кастыкты козутуу боюнча шектүү катары 18-февралда эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган.

Анын адвокаттары бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп шаардык сотко арыз беришкен.

Бул окуя вайнерлер менен блогерлердин чыгармачылык эркиндиги жана жоопкерчилиги тууралуу теманы күн тартибине чыгарды.

Жазык кодексинин 313-беренеси боюнча айыпталгандардын күнөөсү сотто далилденсе, алар жети жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал. (RK)

XS
SM
MD
LG