Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:36

Түркияда орус элчисин өлтүрүүгө айыпталган беш киши соттолду


Маркум элчи Андрей Карловдун сөөгүн мекенине узатуу зыйнатында. Анкара. 20-декабрь, 2016-жыл.
Маркум элчи Андрей Карловдун сөөгүн мекенине узатуу зыйнатында. Анкара. 20-декабрь, 2016-жыл.

Түркияда орус элчиси Андрей Карловдун өлүмүнө айыпталган беш киши өмүр бою эркинен ажыратылды.

Бул тууралуу Anadolu агенттиги кабарлады.

Элчи 2016-жылы декабрда Анкара шаарындагы сүрөт көргөзмөсүндө сүйлөп жатканда кол салууга кабылган. Аны аткан 22 жаштагы полиция кызматкери Мевлүт Алтынташты коопсуздук күчтөрү окуя болгон жерден атып өлтүрүшкөн.

Би-Би-Си бул иш боюнча 28 кишиге айып тагылганын жазган. Алардын ичинен алтоо беш жылдан тогуз жылга чейинки мөөнөткө соттолсо, дагы алты киши акталып, чет өлкөдө жүргөн бир нече кишиге сыртынан өкүм чыккан.

"РИА Новости" агенттиги өз кабарчысына шилтеме кылып, тогуз киши беш жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө соттолуп, бешөө акталганын, дагы тогуз шектүү издөөдө экенин кабарлады.

Бул иш боюнча сот 2019-жылы январда башталган. Сотто айыпталуучулардын АКШда жашап жүргөн диниятчы Фетхуллах Гүленге тиешеси бар экени айтылган.

Андрей Карлов Орусиянын Түркиядагы элчиси болуп 2013-жылы июлда дайындалган. Ага чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментин жетектеп, 2001-2006-жылдары Орусиянын Түндүк Кореядагы элчиси болгон.

XS
SM
MD
LG