Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 02:36

Жумгалда жүздөй адам жол тосту


Жумгал. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 10-мартта Нарын облусунун Жумгал районунда нааразалык акциясы өттү. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы маалымдагандай, жумгалдыктар автожолдун абалына нааразы болуп, жол тосушту.

Жергиликтүүлөр Кочкордон Жумгалга бурулган жерден баштап Чаек айылына чейинки жолдун абалы өтө начарлап, каттоого мүмкүн болбой калганын айтышты.

Нааразы болгондор эртең менен Жумгал айылынын кире беришине чогулуп, жолдун эки тилкесин тең тосуп, машиналарды өткөрбөй коюшту. Жол тосууга болжол менен 100дөн ашуун тургун чогулган.

Алар менен Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, район акими Залкар Бозбалаев жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин акция токтоду.

Бийлик өкүлдөрү акцияга чыккандар менен райондук акимчиликтин жыйындар залында сүйлөшүү жүргүздү.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактап турушту. Эч кандай тартип бузуу катталган жок.

Азыркы учурда жол толугу бойдон ачык.

Кыргызстанда автожолдордун көбү Советтер Союзу учурунда курулган. Кийин айрым жолдор чет жактан алынган насыяга оңдолгон. Жолдордун көпчүлүгүнүн эскилиги жетип калган. (BsB)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG