Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:51

Доклад: Кытай уйгурларга каршы "геноцид" жүргүзүп келатат


Шинжаң
Шинжаң

Кытай бийлиги Бириккен Улуттар Уюмунун геноцидди алдын алуу жөнүндөгү Конвенциясын бузуп, этникалык уйгурларга каршы уланып келаткан “тукум курут аракеттери” үчүн жооптуу. Бул тууралуу көз карандысыз эксперттер 9-мартта сунуш кылган докладда айтылат.

Вашингтондогу Newlines Institute for Strategy and Policy аналитикалык борборунун докладында Кытай өкмөтүнүн укуктук жоопкерчилиги анализделип, эксперттер Бээжиндин уйгур калкына жүргүзгөн саясаты БУУнун Конвенциясынын бардык беренелерин бузат деген бүтүмгө келишти.

Кытай бийлиги Шинжаңдагы уйгурларды жана башка мусулмандарды лагерлерге айдагандыгы үчүн көптөн бери сынга кабылып келатат. Бээжин ал жайларды экстремизм жана жикчил терроризмге каршы туруу үчүн “кайра тарбиялоо жана кесипке үйрөтүү” борборлору деп атап жүрөт.

Январда АКШнын ошол кездеги президенти Доналд Трамптын администрациясы Кытай Шинжаңда геноцид жана адамзатка каршы кылмыш жасап жатат деп билдирген. 9-мартта Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Нед Прайс Жо Байдендин администрациясы ошол бааны өзгөртүү үчүн эч кандай жүйө көрбөгөндүгүн айтты.

Бээжин геноцид айыптоосун четке кагып келет.

Геноцидди алдын алуу Конвенциясы Экинчи дүйнөлүк согуштагы кайгылуу окуялардан кийин кабыл алынып, көпчүлүк мамлекеттер, анын ичинде Кытай кол койгон. Геноцид деп анда “кайсы бир улуттук, этникалык, расалык же диний топту толугу менен же жарым-жартылай жок кылууга багытталган аракеттер” аталган.

Жогоруда сөз болгон докладда айтылгандай, тукум курут аракеттери арасында “адам өлтүрүү, лагерлерге айдоо, балдардын төрөлүшүн алдын алуу же чектөө, балдарды күчтөп көчүрүү, уйгур жамаатын, нарк насилдерин түп тамыры менен жок кылууну” атаса болот.

XS
SM
MD
LG