Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

Орусия "Твиттерге" каршы чара көрүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын байланыш, маалымат технологиялар тармагын тескеген Роскомнадзор кызматы "Твиттер" социалдык тармагынын ылдамдыгын азайтуу чаралары көрүлгөнүн билдирди. Мекеме муну менен “орус жарандарын жана интернет кызматын Орус Федерациясынын аймагында мыйзамдарды аткарттырууну” көздөгөнүн түшүндүрдү.

Маалыматка караганда, "Твиттер" "2017-жылдан бери жашы жетелектерди өз жанын кыюуга азгырган, балдардын порногафиясы камтылган, маңзаттарын колдонуу тууралуу маалыматтарды” өз платформасынан алып сала элек. Роскомнадзор "Твиттер" корпорациясы мыйзамга баш ийбесе, мындан ары да катуу чаралар көрүлүп, блоктоп салганга чейин барышарын эскертти.

Twitter азырынча бул маалыматка жооп кайтара элек.

5-мартта Роскомнадзор Facebook, Instagram, Twitter, TikTok, «ВКонтакте», «Одноклассники», Telegram, YouTube социалдык платформаларынын административдик мыйзам бузуулары тууралуу протоколдор түзүлгөнүн билдирген.

Маалыматтарга караганда, "Твиттерди" Орусияда 690 миң адам активдүү пайдаланат.

XS
SM
MD
LG