Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:49

Кара-Кулжанын Буйга айылындагы мектеп өрттөнүп кетти


Өрттөнүп жаткан мектеп. Кара-Кулжа району. 10-март, 2021-жыл.
Өрттөнүп жаткан мектеп. Кара-Кулжа району. 10-март, 2021-жыл.

10-март күнү Кара-Кулжа районунун Буйга айылында Ж.Абидинов атындагы орто мектеп толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдады. Ага ылайык өрт өчүрүү кызматына таңкы саат 04:16да кабар түшүп, саат 06:35те өрт чектөөгө алынган. Таңга жуук саат 08:25те өрт толук өчүрүлгөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери жана келтирилген чыгымдарды тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Кара-Кулжа районунун Буйга айылынын тургуну Амитбек Абдыкеримовдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, сабак эми үйлөрдө жана айылдык мечитте улантылмакчы.

150 орундуу мектеп эки корпустан туруп, биринчи корпус 1982-жылы, экинчиси 1987-жылы курулган.(MrA)

XS
SM
MD
LG