Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Референдум долбоору добушка коюлган жок


Кыргызстандын Конституциясы.
Кыргызстандын Конституциясы.

Жогорку Кеңеште Конституциянын жаңы долбоорун референдумга коюу жөнүндө мыйзам долбооруна добуш берилбей калды. Спикер муну долбоорду парламенттин аппараты добуш берүүгө киргизбегени менен түшүндүрдү.

Документти сессияга алып чыгуунун жол-жобосу Жогорку Кеңеште талаш-талкууну жаратып, аны колдогондор менен каршы чыккандар кайым айтышты.

Добуш берилбей калган долбоор

«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» долбоорго парламентте экинчи, үчүнчү окууда башка күнү добуш берилгени калды.

Бул депутаттар үчүн күтүүсүз болду. Себеби, 10-мартта Жогорку Кеңеште сегиз документ, анын ичинде референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору да каралды. Спикер Талант Мамытов жети долбоорду добушка коюп, акыркы болуп каралган референдум боюнча документти колго салган жок. Адатта сессияда каралган документке ошол эле күнү добуш берилет. Төрага муну Конституциянын жаңы долбоорун референдумга коюу жөнүндө мыйзам долбоорун парламенттин аппараты добуш берүүгө киргизбегени менен түшүндүрдү.

«Ал үчүн аппарат (ред: Жогорку Кеңештин аппараты) тактап, күн тартибине киргизиши керек. Бүгүн добуш берүүгө аталган мыйзам долбоору каралган эмес».

Ошентип, депутаттар документке 11-мартта добуш берери күтүлүүдө. 10-мартта долбоорлорго добуш берүү үчүн 84 депутат каттоодон өткөн. Депутат Рыскелди Момбеков референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорунун добушка коюлбай калышын башкача чечмеледи.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

«Референдум дайындоо жөнүндө мыйзам 80+1 депутаттын добушу менен өтүш керек. Булар «84 депутат каттоодон өттү, өткөндө долбоорго 9 депутат каршы добуш бергенин эске алганда 75 эле болуп калат, анан дагы алты ай артка кетип калат» деп коркуп добушка койбой коюшту. Кечээ комитеттин жыйынында да кворум болбой калган. Сурамжылоо болгон күндө да кворум болгон эмес. Комитетке мүчө болгон жети эле депутат кол коюп, калгандарынын колун койдура албай жүрүшөт. Эң кызыктуусу комитет менен фракциялар долбоорго добуш берүүгө макулдугун бергени менен сессияда добушка койбой койду. Анткени добуш жетпей, мыйзамдын өтпөй каларынан коркушту. Ошондуктан токтотуп коюшту. Эми бүгүн түнү менен иштешет. Фракция лидерлери менен сүйлөшүп «Баарыңар барасыңар» деп акыркы күч менен алып өткөнгө аракет кылышат. Эгерде эртең өтпөй калса анда бүттү. Себеби, мыйзам шайлоого 30 күн калганда кабыл алынышы керек».

Сурамжылоо менен өткөн долбоор

Референдум дайындоо тууралуу долбоордун күн тартибине киргизилиши айрым депутаттардын нааразылыгын жаратты. Эл өкүлдөрү Дастан Бекешев, Жанарбек Акаев, Рыскелди Момбеков документ тиешелүү комитеттен экинчи, үчүнчү окуудан өткөнү тууралуу чечим жок экенин сындап, аны сессияга алып чыгууга каршы болушту. Бекешев одоно мыйзам бузуу болуп жатканын айтып, Конституциянын долбоору тууралуу мындай деди.

«Бизге аз эле убакыт калды. Депутаттар, кылмыштык аракеттерди кылбагыла. Бул жерде узурпацияга алып келген ханституцияны сунуштап жатышат. Автору чындыгында депутаттар эмес, президенттин аппараты. Керек болсо Конституциялык кеңешме сунуштарын долбоорго киргизген эмес. Долбоордо «Башкы прокурор мыйзам долбоорун сунуштайт» деп жазылган. Ал өзү иш козгойт, иликтейт, мыйзам долбоорун сунуштайт. Кайсы мамлекетте башкы прокурордун ушундай укугу бар? Андан тышкары «Мамлекет жана анын органдары коомго кызмат кылат», ошол эле жерде «Анын бөлүгүнө да кызмат кылса болот» деп жазылган. Үчүнчүсү - президент аткаруу бийлигинин башында турат, ошол эле кезде судьяларды дайындайт. Мына, бул - ханституция. Кээ бир авторлор (ред: Конституциянын долбоорун) «Колдоп бергиле» деп жатат. Алар коркуп жүрүшөт. Анткени алардын балдары, туугандары өкмөттө иштейт».

Мыйзам боюнча референдум дайындоо жөнүндө документ 3-мартта парламенттен биринчи окууда кабыл алынгандан кийин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитеттен экинчи, үчүнчү окууда каралышы керек болчу. 9-мартта бул комитеттин жыйыны болгон эмес. Комитеттин төрагасы, депутат Канат Керезбеков долбоорду комитеттен кабыл алууда добуш берүү сурамжылоо аркылуу жүргөнүн айтты.

Канат Керезбеков.
Канат Керезбеков.

«Төрага катары комитеттин чечимине мен кол коём. Бул жерде комитеттин мүчөлөрү отурат. «Мен каршы болгом» деп бирөө чыгып айтсын. Көпчүлүк добуш менен чечилген. Фракциянын чечими боюнча да, Иса Шейшенкулович айтпайсызбы «Биз кол коюп бергенбиз» деп. Чечимдердин баары бар. Мына бир фракциянын лидери чыксын чечимдер жок болсо. Баары тең комитетке келген».

Канат Керезбеков долбоорго добуш берүүгө комитеттин канча мүчөсү катышканын, канчасы колдоп, канча депутат каршы добуш бергенин тактаган жок. Ушундай эле маалымат алты фракциянын чечими боюнча да берилбеди. Ал эми долбоорго эки депутаттан, алты фракциядан сунуш түшкөнү үчүн добуш берүү сурамжылоо аркылуу жүргөн деген түшүндүрмө айтылды.

Кайым айтыштырган Конституция

Бир топ саясатчылар, юристтер долбоор процедураларды бузуу менен кабыл алынып жатканын буга чейин бир нече жолу кайталашкан. Депутат Жанарбек Акаев Жогорку Кеңештин регламентин бузуу, мыйзамды тебелөө токтобогонун билдирип, парламенттик башкарууну сындаган депутаттарга жооп берди.

«Кээ бир депутаттар капа болбогула, бээ десе төө деп жатасыңар. Биз эмне Конституцияны талкуулап жатабызбы? Биз «регламент боюнча кетели» деп айтып жатсак чыгып эле «Конституцияны колдойбуз, Жапаровду колдойбуз» деп кыйкырып жатышат. «Атамбаевдин учурунда анттим эле, минттим эле» деп азыр баатыр болуштун кереги жок. Ал учурда силер Атамбаевге эмне дегенсиңер, анын берген жообу баарыбызга белгилүү. Эл абдан жакшы билет. Парламенттик башкаруу жөнүндө да көп нерселер айтылып кетти. Мына азыр көбүңөр этегине намаз окуп жаткан Ташиев, Жапаров парламентаризмдин үзүрү менен келип, Келдибеков төрага болгон. Парламенттик башкаруудан, шайлоо таза өткөндүктөн, биометрикалык система киргендиктен ушундай жакшы иштер да болгон. Биз Баш мыйзам жөнүндө айткан жокпуз. Биз «долбоорду күн тартибине киргизген мыйзамсыз» деп айтып атабыз».


Жанарбек Акаев өлкөнүн негизги документин мыйзамдарды бузуу менен кабыл алуу уят экенин, документке депутаттардын үйүнө чейин барып кол койдуруп келишкенин шардана кылды. Ошондой эле долбоор 3-мартта парламентте добушка коюлганда тергөө абагында жаткан депутат Дүйшөн Төрөкулов жана жыйынга катышпаган айрым депутаттар да добуш бергенин эске салды.

Спикер Талант Мамытов депутаттын сыны негизсиз экенин айтып, Конституция мыйзам талаптарына ылайык талкууланып жатканын билдирди. Ал эми Дүйшөн Төрөкуловдун добушун алып салганда деле документти биринчи окуудан алып өтүүгө башка депутаттардын добушу жете турганын кошумчалап, мындай деди.

Талант Мамытов.
Талант Мамытов.

«Узурпация боюнча. Буга чейин ар дайым эле болуп келген. Парламент маселени качан эгемен, ээн-эркин чечкенбиз? Эч качан чечкен эмеспиз. Азыр айткылачы «Бардык маселелерди өзүбүз чечип жүргөнбүз» деп. Өкмөт деле президентке баш ийип келген. Конституциянын долбоорунда жоопкерчилик толугу менен ачык-айкын президентке берилип жатат. Буга чейин ким болбосун, кандай президент болбосун жоопкерчиликтен корккон. Жоопкерчиликти алгандан качкан. Азыр тескерисинче президент бардыгын моюнуна алып ишке ашырганы жатат. Мурда жашыруун болсо азыр ачык моюнуна алып жатат», - деди Талант Мамытов.

Дагы бир депутат Өмүрбек Бакиров Конституциянын жаңы долбооруна каршы болуп жаткан эл өкүлдөрүн бийликке жетпей калган адамдар катары баалап, 10-январда башкаруунун формасын аныктоо боюнча өткөн референдумдун жыйынтыгын эске салды.

«Элдин 80% президенттик башкарууну тандагандан кийин элдин тандоосуна баш ийишибиз керек. Комитеттин төрагаларына да сөз тийгизип жатышат. Ар бир депутат өзү үчүн жооп бериш керек. Комитеттин төрагасы оюн айта электе эле аны сындап жатышат. Кесиптештер, абайлап сүйлөңүздөр».

«Жол картадан» чыкпаган парламент

Буга чейин депутат Рыскелди Момбеков Конституциянын жаңы долбоору менен кошо документти кантип кабыл алуу керектиги жазылган «жол картаны» жарыялаган. Ал долбоор менен чогуу депутаттарга таратылган эле. Жогорку Кеңеш документти «жол картада» жазылгандай так карап келатат. Анда документ парламентте кабыл алынгандан кийин 12-мартта президент кол коюп, референдум 11-апрелге дайындалары көрсөтүлгөн.

Рыскелди Момбеков чуулуу документ тууралуу төмөнкүлөргө токтолуп, депутат Өмүрбек Бакировго жооп берди.

«Баш мыйзам боюнча менин пикирим башынан эле белгилүү. Мен каршымын. Бардыгы мыйзам менен кетсе деген эле ойду айттым. Эл кимдин кошоматчы, кимдин саткын экенин билет. Анан «элдин 80% колдоду» деп атасыңар. Ал добуш берген 30 пайыздын 80%. Ал Кыргызстандын калкынын 15 пайызын түзөт. Ал жалпы шайлоочулардын 33%. 6 млн. калк менен 3,5 миллиондун бир миллионуна эсептеп койсоңор эле болот да. Анан «Ак мышыкпы, кара мышыкпы, чычкан алса болду» дейт. Кеп Баш мыйзамда эмес, башка мыйзамда. Биз башка мыйзам менен Башкы мыйзамды тиркеме катары кабыл алып жатабыз. Эртең бирөө Конституциялык палатага сотко берип жокко чыгарылып калса, азыр добуш бергендер эмне болот? «Конституциялык төңкөрүш жасаган» деп кылмыш иши козголот да. Мыйзам менен деле кетсек болот эле да. Эмнеге шашып, каякка баратабыз?».

Жарандык коомдун тынчсыздануусу

Ал арада Кыргызстанда жарандык коом өкүлдөрү Конституциянын жаңы долбоору эреже бузуу менен кабыл алынып жатканына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, парламент төрагасына жана депутаттарына ачык кайрылуу жолдошту.

10-мартта жарыяланган кайрылууга он чакты белгилүү юрист, укук коргоочу жана активисттер кол коюшту.

Алар долбоордун аталышы Конституцияга дал келбей жатканын, бир ай ичинде коомдук талкуу өткөрүү тууралуу талап сакталбаганын, мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна киргизүү жана кабыл алуу процедурасы бузулганын, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын корутундусу жок экенин, парламенттик угуу болбогонун белгилешти.

Ошону менен катар добуш берүү процедурасы одоно бузулганын, себеби залда 61 депутат отурса 87 депутат колдоду деп жарыяланганын айтышты.

Жаңы Конституциянын долбоорунун тексти жалпы эл үчүн жабык болуп жаткандыктан аны алмаштырып коюу коркунучу бар экенин кошумчалаган активисттер процедуралык талаптар бузулуп жатышы келечекте улам бир саясий күчкө Конституцияны өзгөртө берүүсүнө, өлкөдө өнөкөт туруксуздук абалынын түзүлүүсүнө жол ачарын да белгилешти.

2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтына Баш мыйзамдын жаңы долбоору жана референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору чыгарылып, демилгечи катары 80 депутаттын аты-жөнү жазылган.

20-ноябрда ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов долбоорду талкуулаш үчүн Конституциялык кеңешме түзгөн. Кеңешме Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазып чыгып, 2-февралда кайра Жогорку Кеңешке жиберген. Ал парламенттин kenesh.kg сайтына 9-февралда жарыяланган.

Конституциянын жаңы долбоорунда президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилди. Президент аткаруу бийлигин жетектейт, министрлер кабинетинин курамын жана түзүмүн аныктайт. Башкы прокурорду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун жетекчилерин, судьяларды дайындайт. Андан тышкары өзүнүн демилгеси менен референдум жарыялайт. Мыйзам демилгелөө укугуна да ээ.

Президент Садыр Жапаров долбоордо парламенттин негизги функциялары сакталарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындаларын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болорун билдирген.

XS
SM
MD
LG