Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:04

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо бул ирет курч өтөт


Кыргызстанда өткөн шайлоолордун биринен көрүнүш.
Кыргызстанда өткөн шайлоолордун биринен көрүнүш.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна байланыштуу калаа жергесинде үгүт иштери эки күндөн кийин 12-мартта башталат. Элетте болсо расмий жарыш 22-марттан тартып жүрөт. Азырынча 420 айылдык кеңешке талапкерлерди каттоо аяктай элек, ал эми өлкөдөгү жалпы 28 шаарлардагы саясий өнөктүккө 59 партия катышуу ниеттерин билдирди.

Бул саясий өнөктүк эмнеси менен өзгөчөлөнүүдө? Партиялар, талапкерлер эмне үчүн көп? Шайлоодогу кызыкчылыктардын кагылышы кандай жүрөт? «Арай көз чарай» рубрикасында ушул маселе талкууланды. Берүүгө Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов, талдоочу Динара Ошурахунова жана активист Атай Бейшенбек уулу катышты.

- Кыргызстан масштабдуу саясий өнөктүктөрдүн бири – жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону 11-апрелде өткөргөнү жатат. Мында жалпысы 448 кеңешке депутаттар шайланат. Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлагандай, 28 шаардык кеңештерге катышуу ниетин жалпы 59 партия билдириптир. Анын ичинде эң көп партиялардын саны Бишкек шаарында экен. Кайрат мырза, Борбордо шайлоого катышуу үчүн жалпы канча партия кабарлама берди? Ошонун баары толук катталабы?

Кайрат Маматов.
Кайрат Маматов.

Кайрат Маматов: - Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу үчүн жалпы 27 партия билдирүү берди эле. Азыркы күндө 26 саясий партия калды, «Элдик» деген партия баш тартты. Бул партияларда жалпы эки миңден ашуун талапкер бар. Аларды тийиштүү текшерүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Квоталарына, позицияларына жана соттолгон-соттолбогондоруна кароо жүргүзүүдөбүз. Бул иш 11-мартка чейин созулат, мурдагы практикаларды эске алсак, көпчүлүк партиялар каттоодон өтүшөт.

- Демек, Бишкек шаарына 26 партия катышып жаткан экен. Жалпы талапкерлердин саны болсо эки миңден ашык экен... 45 эле мандат үчүн... Динара айым, эмне үчүн борбордо атаандаштык мынчалык күч? Жалпы эле партиялардын көптүгүн эмне менен байланыштырасыз?

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

Динара Ошурахунова: -Менимче, мунун баарына жаңы конституциялык реформанын таасири бар. Азыр парламентте каралып жатпайбы. Ага ылайык депутаттардын саны 90го чейин кыскарышы, анын ичинде 35 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып калышы мүмкүн болуп жатпайбы. Калган 55и партияларга берилет. Ошондо көп партияларга ал жакка катышуу пайдасыз болуп калып жатат. Акчасы көп кетет, бирок мандатты ала алабы, күмөн болуп калат. Ошондуктан азыр жергиликтүү кеңештерге көбүрөөк көңүл бурулуп калды. Менин оюмча бул жакшы нерсе. Мурда партиялар Жогорку Кеңешти эле карап, ошого эле басым жасап турса, азыр шаардык кеңештерден түптөлүп башташат. Партиялар алгач жергиликтүү шайлоолордо күчүн сынап, андан кийин парламенттик шайлоого барса болот.

- Эгер башка шаарларды алсак, Караколдо 18 партия, Балыкчыда 14 партия, Кызыл-Кыя шаарында 12, Талас менен Кадамжайда 11ден, Ош, Баткен жана Кант шаарларында 10дон партия шайлоого баруу үчүн кабарлама беришкен. Калган шаарларда беш-алтыдан партия бар. Бирок, маселен, талапкерлердин саны менен мандатты чага келгенде, бир орунга 30-40тан киши туура келип калат экен. Муну деле жогоруда Динара айым айткан жагдайлар менен байланыштырсак болобу? Атай мырза, сизде кандай жүйөлөр бар?

Атай Бейшенбек уулу: - Жергиликтүү кеңештердин шайлоосун чоң саясий процесске даярдык катары баалаганыбыз туура. Анткени парламенттик шайлоо башталганда негизги саясий күчтөр ушул жерден утуп чыккан партиялардын айланасына биригет. А эмне үчүн Бишкекте партия көп, а башка шаарларда аз? Бул биздин партиялардын институт катары калыптанбагандыгын көрсөтөт. Бишкек шаарына басым жасалып жатканынын башка себеби катары, борбордо бизнестин жана каражаттын көп бөлүгү туура келгени менен байланыштырсак болот. Бул жерге келгендер өз кызыкчылыгын коргоого аракет кылышат. Кыргызстандагы саясаттын дээрлик 50%дан ашыгы борбор калаада чечилгендиктен, көпчүлүк саясий күчтөр Бишкек шаардык кеңешин алгысы келет.

- Эми партиялардын өздөрүнүн мазмунуна келели. Жалпы алганда 59 партиянын ичинде бул жолу аталыштар аябай көп болуп жатат. Мурдараак Жогорку Кеңештин, шаардык кеңештин шайлоолоруна катышып утуп чыккандар, же соңку шайлоого катышкандар да бар. Таптакыр жаңы ат менен чыккан партиялар да бар. Албетте, азыр тизмелерин жарыялай элек. Бирок, ошентсе да партиялардын ичинде жаңы күчтөр, же прогрессивдүү күчтөр барбы? Же кайра эле мурдагы саясатчылардын кайтып келүү ыктымалдыгы күчпү? Сиздин баамыңыз кандай болуп жатат Динара айым?

Динара Ошурахунова: - Биринчиден, үгүт иштери баштала элек. Азыр биз саясий партиялардын программаларын, өздөрүн изилдеп бүтө элекпиз. Ошону үчүн азыр прогрессивдүү күчтөр келатат, же башка деп айта албайм. Албетте, мурда, былтыр октябрдагы шайлоодо катышкан партиялар азыр да аттанып жатат. Ал жерде ар кандай партиялар бар. Маселен, биз Бишкекте, буга чейинки шаардык кеңешти көрүп жатабыз, бир дагы депутатты тааныбайбыз. Бирок октябрдагы окуялар жарандык активдүүлүктү кыйла күчөттү. Ошондуктан жаңы күчтөр шайлоого барганы турушат

- Атай мырза, ушул боюнча сиздин пикириңиз кандай? Партиялардын арасында шайлоочуларды үмүттөндүргөн, реалдуу, мыкты программалары менен чыккандардын жеңишке жетүү шансы, мүмкүнчүлүгү канчалык?

Атай Бейшенбек уулу: - Мүмкүнчүлүк ар бир эле партияда бар. Себеби шайлоонун өтүү процесстери күндөн-күнгө өзгөрүп жатат. 2015-2016-жылкы шайлоолордо роль ойногон механизм азыр иштебей калышы мүмкүн. Мурдагы көп саясий технологиялар иштебейт. Көп нерселер шайлоочулардын критерийлерин өзгөрттү. Ошол эле октябрь окуялары, мурдагы депутаттардын чуулгандуу окуяларга аралашканы жана башка жагдайлар ушуга таасир этти. Аттары жаңы, бирок аталышы жаңы болсо эле жаңы күч деп кабыл албашыбыз керек. Анан биз «жаштар, жаштар» деп да көп айтабыз, андай классификация болбош керек. Бизде программалык көз караш болуш керек, жашы-карысы биригип алып, кандай өзгөртүүлөрдү алып келе алат, деген баа менен карашыбыз шарт.

- Кайрат мырза, сизге мындай кошумча суроо. Адатта Кыргызстанда дээрлик көпчүлүк эле шайлоолордо мыйзам бузуулар боюнча, административдик ресурстарды колдонуу боюнча дооматтар көп айтылып келет. Былтыр октябрдагы шайлоодо негизги кине ушул боюнча айтылды, соңунда анын жыйынтыгы жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашты. Бул жолу ушундайларга жол бербеш үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы жана аймактык шайлоо комиссиялары кандай аракеттерди көрүп жатасыздар?

Кайрат Маматов: - Биз соңку парламенттик шайлоо менен кезексиз президенттик шайлоонун айырмасын көрбөдүкпү. Биринчиден, форма №2 ыкмасын жойдук. Албетте, аны мен зарыл деп эсептечүмүн, анткени жарандар ишине байланыштуу, же башка шартына байланыштуу жашабаган жеринен добуш берүүгө мүмкүнчүлүк алмак. Бишкекте ушундай шарт менен жашаган 70-80 миңден ашуун киши бар. Бирок 2021-жылдын 10-январында өткөн шайлоодо бул жоюлуп, эл катталган жеринде добуш беришти. Административдик ресурс деген бул мамлекеттик эле ресурс эмес да. Маселен, азыр шаардык кеңешке аттанып жаткан талапкерлердин арасында курулуш компанияларынын ээлери бар, башка бизнесте жүргөндөр бар, алардын кызыкчылыгы бар. Мурдагы шайлоодо да айтып келатабыз, азыр да айтып жатабыз. Бул жерде жоопкерчилик баарында бар, өзгөчө негизги жоопкерчилик шайлоочуда.

- Динара айым, ушуга байланыштуу эле суроону сизге жолдоюн. Мурдараак президент Садыр Жапаров өзү негиздеген “Мекенчил” партиясы бул жолку жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна да, парламенттик шайлоого да катышпай турганын жар салды. Ал муну административдик ресурст колдонулуп кетишинен алдын алыш үчүн деп түшүндүрдү. Чын эле азыркы шайлоого бийликчил партиялар катышкан жокпу? Бул шайлоодо административдик ресурс колдонулбайт деп ишенесизби?

Динара Ошурахунова: - Бийликчил деген талапкерлер баары бир башка партиялар аркылуу катышат. Анткени Жогорку Кеңешке баары бир катышат да, алар азыр жергиликтүү кеңештерди трамплин кылышат. Бирок жергиликтүү кеңештерде административдик ресурс толук колдонулат деп айта албайбыз. Ресурс адатта бир кишиге иштейт, президенттик шайлоо болгондо көп колдонулат. Анткени бир талапкерге иштейт. А бул жерде баары талашып атышпайбы. Бул жерде аябай чоң, курч атаандаштык болот. Акчалуулардын же программалардын талаш-тартышы болобу, ал экинчи маселеси.

- Сиздин оюңузча шайлоо көз карандысыз эле атаандаштыкта өтөбү, Атай мырза?

Атай Бейшенбек уулу: - Негизи көп эле шайлоо бир эле шайлоочудан көз каранды. Анткени сени канчалык опузалап, мажбурлабасын, кабинага киргенде сени менен жалгыз бюллетень калат. Сен каалагандай тандоо кыла аласың.

(Талкуунун толук вариантын видеодон көрүңүздөр)

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG