Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:04

Шинжаң: АКШ "геноцид", Кытай "абсурд" деди


Шинжаңдагы уйгурларды коргоп чыккан уйгур аял, Түркия.
Шинжаңдагы уйгурларды коргоп чыккан уйгур аял, Түркия.

Кытай бийлиги БУУнун конвенцияларын бузуу менен Шинжаңдагы уйгурларга каршы геноцидди улантып жатат. Бул тууралуу АКШдагы Newlines стратегия жана саясат институту жарыялаган баяндамада айтылат. Институттун эксперттери Бээжин жергиликтүү мусулмандарга багытталган катаал саясаты менен кайсы эл аралык келишимдерди бузуп жатканын талдап чыккан. Ал эми Кытайдын бийлиги өткөн аптада Шинжаң боюнча айыптоолорду “абсурд” деп, кайрадан четке какты.

Эксперттердин баяндамасы

Кытайдын Шинжаң аймагындагы уйгурларга жана башка мусулман калкына каршы саясаты Бириккен Улуттар Уюмунун геноциддин алдын алуу жөнүндө эл аралык документтерине каршы келерин баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Newlines стратегия жана саясат институту 9-марттагы баяндамасында жарыялады.

Институт документти даярдоо үчүн эл аралык укуктан тартып, Кытайдын этностук саясатын изилдеген ондогон эксперт менен кызматташкан. Алар Шинжаңдагы уйгурлар баш болгон жергиликтүү тургундарга жасалган катаал мамиледе “геноциддин белгилери барбы” деген маселени ар тараптуу изилдеген.

Эксперттер расмий Бээжиндин соңку жылдардагы саясаты эл аралык документтин ар бир пунктун бузуп жатат деген тыянакка келишкен.

“Уйгурларга каршы уланып жаткан геноцид ырааттуу жана көптөн бери топтолгон аракеттердин логикалык жыйынтыгы. Ал уйгурлардын биометрикалык маалыматтарын топтоодон башталып, уйгур үй-бүлөлөрдү көзөмөлдөө үчүн үйлөрүнө (коммунист) кадрларды киргизүү, уйгур элинин жашоо-турмушу жана салт-санаасынын негизи болгон маданий, диний жайларын, тилин, адабиятын жок кылуу, диний каада-салтын кылмышка теңөө, аймактагы калктуу конуштарда атайын лагерлерди куруу аркылуу адамдарды мажбурлап иштетүү, уйгур аялдардын кыйнап боюнан алдыртуу, стерилизациялоо, зордуктоо, балдарды ата-энесинен бөлүүгө чейин уланууда”,- деп айтылат отчетто.

БУУнун адамзатка каршы кылмыштардын алдын алуу жана аны жазалоо жөнүндө конвенциясы Экинчи дүйнөлүк согуштан соң кабыл алынган. Ал документке Кытай да кол койгон. Анда геноцид деп таанылчу аракеттер тизмектелип, “улуттук, этностук, расалык, диний топту толугу менен же жарым-жартылай атайылап жок кылуу” деген аныктама берилген.

Бул конвенциядагы бир эле норманын бузулушу геноцид катары таанууга жол ачса, Newlines институту Кытай эл аралык документтин бардык пункттарын бузуп жатканын белгилейт.

Кытайдын батышындагы Шинжаң Уйгур автоном районунда жашаган уйгурлардын ичинен бери дегенде бир миллиондой киши, алардан башка казак, кыргыз сыяктуу этностук азчылыктардын миңдеген өкүлү тарбия лагерлеринде азап тартып жатканын укук коргоочулар айтып келишет. Анын ичинде жүз миңдеген адамды «кайра тарбиялоо лагерлеринде кармап, коммунисттик режимдин атрибуттарын, кытай тилин мажбурлап окутуп жатканы» ачыкка чыккан.

Расмий Бээжин куугунтук тууралуу эмне айтылбасын четке кагып, кайра тарбиялоо лагерлерин “кесипке үйрөткөн борборлор” деп сыпаттайт.

Буга чейин АКШда президент Дональд Трамптын администрациясы кызматтан кетер алдында Кытайдын Шинжаңдагы саясатын “геноцид жана адамзатка каршы кылмыш” деп баалаган. Ага улай Канада парламентинин Өкүлдөр палатасы дал ушундай мазмундагы токтом кабыл алган.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Нед Прайс 9-марттагы басма сөз жыйынында Жо Байдендин администрациясы Бээжиндин Шинжаң саясаты оң жагына өзгөргөнүн көрө албай жатканын билдирди:

“Биз буга чейин адамзатка каршы кылмыш деп айтып келгенбиз. Мамлекеттик департамент дал ушундай тыянак чыгарган. Буга чейин мамлекеттик катчы Помпео, анын ордуна келген мамлекеттик катчы Блинкен Шинжаңда геноцид болуп жатат деген бүтүмгө келген. Биз аны толугу менен колдойбуз”- деди Прайс.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Шинжаңга байланыштуу билдирүүлөрдү “абсурд” деп, караманча четке какты:

“Шинжаңдагы “геноцид” деген билдирүүлөрдөй абсурд болбосо керек. Бул жөө жомок, жашыруун мотивдер менен жасалма түрдө даярдалган карандай калп. Акыркы 40 жыл ичинде Шинжаңдагы уйгур калкы 5,5 миллиондон 12 миллионго чейин көбөйдү. Акыркы 60 жылда Шинжаңдын экономикасы 200 эсе өнүктү. Ал эми адам өмүрүнүн орточо узактыгы 30 жаштан 72 жашка жогорулады”, - деп өз далилдерин келтирди.

Бирок Newlines стратегия жана саясат институту уйгурларды куугунтуктоо Кытайдын Коммунисттик партиясы баш болгон жогорку бийлигинен аймактагы жетекчилерге чейин ырааттуу жүргүзүлгөн деген бүтүмгө келген.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG